Улуту үчүн улуу бурулуш жасаган инсан
1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, кыргыздар дүйнөлүк саясий картадан ордун тапты. Өткөн жылы Кыргыз мамлекеттини түптөлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип, анын башатытында турган кыргыздын чыгаан атуулдарынын эмгеги эскерилди. Алардын ысымдары мындан ары да урматтоого, аздектөөгө татыктуу. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү оңой-олтоң болгон эмес, ал көптөгөн кыйынчылыктрга, далай тоскоолдуктарга туш болгон. Анда сөз башынан болсун.
Советтик Россиянын Эл комиссарлар Советинин төрагасы Владимир Лениндин сунушу менен 1920-жылы августта Кыргыз (азыркы Казакстан) АССРи түптөлөт. Анын борбору Оренбург калаасы болот. Казак элитасы жогорудагы чечимге макул болгону менен Түркстан АССРинин өкмөтүнүн жетекчиси Турар Рыскулов каршы чыгат. Ал бирдиктү…
[11:04, 22.05.2025] Бексултан: 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, кыргыздар дүйнөлүк саясий картадан ордун тапты. Өткөн жылы Кыргыз мамлекеттини түптөлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип, анын башатытында турган кыргыздын чыгаан атуулдарынын эмгеги эскерилди. Алардын ысымдары мындан ары да урматтоого, аздектөөгө татыктуу. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү оңой-олтоң болгон эмес, ал көптөгөн кыйынчылыктрга, далай тоскоолдуктарга туш болгон. Анда сөз башынан болсун.
Советтик Россиянын Эл комиссарлар Советинин төрагасы Владимир Лениндин сунушу менен 1920-жылы августта Кыргыз (азыркы Казакстан) АССРи түптөлөт. Анын борбору Оренбург калаасы болот. Казак элитасы жогорудагы чечимге макул болгону менен Түркстан АССРинин өкмөтүнүн жетекчиси Турар Рыскулов каршы чыгат. Ал бирдиктүү Түрк Республикасын негиздеш керек деген идеяны көтөргөн. Аны кыргыздын саясий жана илимий элитасы колдогон. Казакстан автономиясы түптөлгөндөн кийин кыргыздардын коңшу элге сиңип кетүү коркунучу жаралат. Ошондуктан 1922-жылы Абдыкерим Сыдыков, Турдалы Токбаев, Иманалы Айдарбеков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Ташмухаммед Худайбергенов, Садык Чоңбашев, И.Бурыгин, А.Другов жана башкалар биргелешип Москва менен Ташкенттин алдында Кара-Кыргыз Тоолуу Облусун негиздөө тууралуу демилге көтөрүшөт. Бул топ "сыдыковчулар" деп аталган. Аларды Рыскулов колдойт. Адегенде кыргызстандык саясий элитанын Кыргыз Тоолуу Облусун түзүү боюнча демилгесин борбор колдоп, аны ишке ашыруу үчүн комитет уюштурган. Ал Кара-Кыргыз облусунун административдик чек арасын аныктамак. Бирок "Кошчу" уюмунун башчысы Рахманкул Худайкулов менен Токмок шаарынын партиялык комитетинин жооптуу катчысы Дүйшөналы Бабахановдун тайпасы сыдыковчуларга каршы чыгат. Булардын пикиринде Кыргызстан Казакстанга кошулушу керек эле. Эки топ катуу каршылашат. Кыргыз элинин мамлекеттүлүгүн калыбына келтирүү демилгеси туңгуюка кептелип, ошол учурда Пишпек уездин жетектеп турган И. Айдарбеков андан чыгуунун жолун табат. Бул аймакта күнү-түнү Тоолуу Облусту түптөө жөнүндө ой жайылтылып, үгүт иштери жүргүзүлөт. 1922-жылы 4-июнда Пишпекте Тоолуу Облустун биринчи кеңешинин курултайы өтүп, ага Кыргызстанда жашаган ар түрдүү улуттун 425 өкүлү катышат. Съездди уюштуруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков ачып, курултайдын Кыргызстандын тагдыры үчүн мааниси чоң экенин белгилеген. Чынында эле бул сөездди кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүүнүн башаты десек болот. Бирок Кудайкуловдун тобу Россия Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) улуттар боюнча элдик комиссары И.В.Сталинге "Сыдыков менен Айдарбеков манаптын балдары. Экөө биргелешип Кыргызстанда бийликти алууга умтуулуда" деп жазат. Ошентип Кыргыз Тоолуу Облусунун түзүлүүсү дагы эки жылга созулат. Кызматтан алынган Сыдыков менен Айдарбековду репрессиядан Турар Рускулов алып калып, экөөнү мындан чоң кызматка койот. Ошон үчүн Турардын башына түн түшкөндө кыргыз элитасы эч нерсеге карабастан аны колдогон. 1924-жылы Орто Азияны улуттук республикаларга бөлүү маселеси Түркстан, Бухара жана Хорезмде өткөн партиялык конференцияларда каралат. Бул жыйындарда чек араны аныктоо жөнүндө бир бүтүмгө келишкен. Комиссияны белгилүү мамлекеттик ишмер Валериан Куйбышев жетектеген. Анын ишине кыргыз тараптан Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Рахманкул Кудайкулов жана Дүйшеналы Бабаханов катышкан. Бул ирет Кудайкулов менен Бабаханов Кыргыз автономиясынын түзүлүшүнө каршы чыкпаса да, кыргыздар Казакстанга кошулушу керек деген идеядан кайткан эмес.
1924-жылы 14-октябрда түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (ККАО) РСФСРге кошулат. 1924-жылы 27-октябрда Өзбек жана Түркмөн ССРи түзүлөт. Тажик АССРи Өзбекстандын курамына кирет. Каракалпак автономиялуу аймагы Казак АССРи менен биригет. 18-октябрда РКП(б)БКнын Саясий бюросу Кара-Кыргыз автономиялуу областынын партиялык бюросунун 1-секретарлыгына М.Каменскийди, 1-секретарлыгына Ж.Абдырахманов, областтын ревкомунун төрагалыгына И.Айдарбеков бекитилет. Ошентип Сыдыков, Айдарбеков, Арабаев жана Абдрахманов жетектеген топтун мүдөөсү ишке ашат.
Аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган, кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын бири Иманалы Айдарбековдун өмүрүндөгү урунттуу учурларга кайрылсак, ал 1894-жылы, азыркы Сокулук районунун Жал айылында Солто элинин Күнтуу уруусундагы Сарбан тукумунда туулган. Атасы Айдарбек Турдин болуштугунда манап болгон. Иманалы Айдарбеков - өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Анын өмүр жолу улут маңдайына улуу бурулуш тагдыры жазылган кезге туш келген. Ал бүлүнгөн журтту жыйноо, арыган калкты асыроо, талаш аймактарды кайтарып алуу милдеттери жүктөлгөн татаал учурда жан аябай эмгек кылган.
Иманалы Айдарбеков кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы уюштуруу иштердин башында турган.
Октябрь революциясы жеңген учурда кыргыз жергеси бытыранды, калкыбыз чачыранды болуп, анын түндүк аймагы Түркстандын Жети-Суу, түштүгү Сыр-Дарыя . Фергана облусуна карап калган. Ошондон улам, жаңыдан калыптана баштаган улуттук интеллигенциянын алдыңкы тобу кыргыз кыйырын бириктирип, өз алдынча мамлекет түптөө демилгесин көтөрүп чыккан. Иманалы Айдарбеков ошолордун алдыңкы сабында болгон.
Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келет. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Кичинекей Иманалынын зиректигин байкаган атасы уулунун билимдүү болушун көздөп, аны орус-тузем мектебине окутат. Кийин ал билимин тереңдетүү максатында Пишпек айыл чарба мектебин да аяктайт. Андан нары Ташкенттеги гидротехникалык техникумда үч жыл билим алган соң атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу окуусун таштоого мажбур болот. Анткени атасынын ордуна ошол аймактагы элге баш-көз болуу анын милдети эле.
.
1918–1920-жылдары Пишпек уезддик-шаардык кеңеш аткаруу комитетинин 1920–1921-жылдары Кара-Кол уезддик ревкомунун мүчөсү. 1921–1923- жылдары Пишпек уезддик аткомунун төрагасы. 1919-1923-жылдары Айдарбеков Нарын, Пржевальск жана Пишпек уезддеринин аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Ал Түндүк Кыргызстанда жарандык согуштун аякташына жана эл чарбасын калыбына келтирүүгө чоң салым кошкон. 1922-жылдын башында Иманалы Волга боюндагы ачкачылыктан жабыр тарткан калкка жардам уюштуруп, аны менен миңдеген адамды өлүмдөн алып калган. Пишпек шаарынын элдик билими, коммуналдык кызмат, соода жана өнөр жайын өнүктүрүү боюнча секцияларын уюштурган. 1922-жылы мартта борбор калааны жашылдандыруу боюнча токтомго кол коюп, калаа тургундарына эски бак-дарактарды кыйып, ордуна жаңы көчөт отургузууну, арыктарды тазалап, парк менен аллеяларды калыбына келтирүүнү, кара жыгач токоюн иреттөөнү буйрук кылган. Натыйжада Пишпек ажайып жашыл шаарга айланган. Ошол эле жылы үзөңгүлөшү Турдалы Токбаев экөө Олуя-Ата уездинде (азыркы Кара-Балта шаарынын жанында) оор шартта жашаган кыргыздардын 35 үй-бүлөсүн азыркы Төкөлдөш айылына көчүрүп келишкен. Экөөнүн келечекте бул кыштакты Кыргызстандын борбору кылсак деген тилеги бар экен. Турдалы кыргыз менен казактын ичинен Олуя-Ата калаасынын алгачкы акими болгон. 1924-жылы 8-мартта Иманалы Пишпекте темир жол салдырат, анын аркасы менен Москвага жол ачылат.1924-жылы Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы. 1925–1926 жылдары Ташкенттеги Орто Азия» кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон. 1927–29-ж. Кыргыз АКСРнин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930–31-ж. Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АКСР Юстиция эл комиссары, Кыргыз АКСРнин башкы сотунун төрагасы. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан.
Үй-бүлөсү. Иманалы Айдарбеков жубайы Кичкен Айдарбекова Сокулук районунун Байгелди айылында туулуп-өскөн. Жубайлар Токтобүбү жана Рапия аттуу эки кыздуу болушат. Кийин камалып кеткенде кыйноонун талабына макул болбогондугу үчүн Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсүнө да мыкаачылык жасалган. Камалгандан көп өтпөй, 22 жаштагы улуу кызы, студент Токтобүбүнү сабактан чыгып келе жатканда өлтүрүп кетишет. Кыздын сөөгү эки күндөн кийин көчөдөн табылган. Бул бейкүнөө өлүм үчүн эч ким жооп берген эмес. Сиңдиси Рафа Иманалиевнанын эскерүүлөрүндө Токтобүбү Фрунзедеги Айыл чарба институтунда билим алып жаткан. Ал абдан боорукер, жумшак мүнөз, камкор кыз болгон экен.
Ошондой эле Айдарбековдун бир туугандарынын да көзүн тазалашкан. Энеси кичүү кызы Рафа Айдарбекованын өмүрүн сактап калуу үчүн аны Москвага качырат.
Кичкен Айдарбекова кызын куткаруу максатында жакын санаалаш достору менен сүйлөшөт. Алар Рафаны Москвага кетүүчү поезддин алдындагы ит салуучу кутуга катып, алып кетишет. Москвага эптеп жеткен кыз ооруканага санитарка болуп орношот. Бейтаптарды карап, палаталарды жыйнап, оорулууларга тамак берчү экен. Анын тырышчаактыгын, эмгекчилдигин жана өтө кылдат кыймылдаганын байкаган Москванын биринчи мединститутунун кафедра башчысы андан жакшы врач чыгарын айтып, мединституттун дарылоо факультетине тапшырууга түрткү берген.
Кийин Рафа Иманалиевна медицина тармагында белгилүү врач-хирург болуп чыга келет. 4-курста окуп жүргөндө согуш башталып, атасынын ак экенин далилдөө үчүн 1941-жылы өз эрки менен фронтко аттанат. Согуш талаасында жарадар болгон аскерлерге жардам берип, жеринде операция жасап, өлүмдөн арачалап отуруп Берлинге чейин жеткен. Согушта 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, подполковник чини менен кайтат.
1937-жылдын 4-сентябрында ага Социал-Туран партиясына тиешеси бар деген айып тагылып, 1938-жылдын 5-ноябрында ал жана анын соратниктери шаардын түрмөсүнүн короосунда атылышкан. 1958-жылы акталып, 1991-жылы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине которуп көмүлгөн.
Материалды даярдаган:Төлөнбай Абдыразаков.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.