Эсеп - 21:1. Улуттук лиганын "Б" зонасындагы оюн "Семетей" клубунун ири эсептеги жеңиши менен аяктаган
Кыргызстандын футбол боюнча экинчи лига командалары арасындагы чемпионаттын беттеши ири эсеп менен жыйынтыкталды — 21:1, деп жазат "Спорт АКИпресс" басылмасы.
18-майда «Б» зонасындагы Улуттук лиганын 6-турунда Кызыл-Кыя шаарынын «Семетей» жана Баткен облусунун «Туран» командалары Кара-Дөбө айылындагы «Исфайрам» стадионунда беттешти.
Оюндун жыйынтыгында «Семетей» чоң айырма менен жеңишке жетти. Мирбек Жолдошев 6 гол киргизип гекса-трик жасаса, Достон Бобожонов менен Рома Абдырахманов ар бири 5тен гол киргизип пента-трик менен айырмаланды.
Социалдык тармактардагы комментарийлердин биринде колдонуучулардын бири «Туран» командасы жаш оюнчулардан турганын белгилеген.
«Команда оюнга болгону 9 оюнчу жана машыктыруучусуз келген. Алар коркпостон оюн талаасына чыгышты жана 90 мүнөт ойношту. Балким азыр техникалык жактан аксап жаткандырсыздар, бирок кайраттуулугуңарга эч шек жок. Силерге доо жок, балким жетекчиликке болушу мүмкүн», — деп жазган ал.
11-майда бул эки команда ушул эле стадиондо 5-турдун алкагында да беттешкен. Ал оюнда да «Семетей» 5:0 эсебинде жеңген.
«Туран» быйылкы сезондо 5 оюн өткөрүп, алардын баарында жеңилип, жалпысынан 4:41 эсеби менен артта калган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.