Мамлекетке 72 млн сомдук зыян келтирилген: Ош шаарынын экс-мэри кармалды

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 2025-жылдын 27-майында Ош шаарынын мурдагы мэрин кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Баткен облусунун тургуну, 1960-жылы туулган И.Ж. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерге шектелип кармалган.
 
Тергөө учурунда такталгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош шаары, Масалиев проспектисинде (мурунку Кыргызстан көчөсү) жайгашкан бала бакчанын имараты ИИМдин Ички аскерлеринин балансына атайын багыттагы объект катары өткөрүлгөн. Бул токтомго ылайык, мүлк мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана колдонулушу керек болгон жана аны сатууга же үчүнчү тараптарга өткөрүүгө тыюу салынган.
 
«Ошого карабастан, мыйзамдарды одоно бузуу менен Ош шаарынын мэри И.Ж. мыйзамсыз токтомдорду чыгарып, бул жер тилкеси мамлекеттик менчиктен чыгарылып, жеке жактарга коммерциялык объект куруу үчүн берилген. Натыйжада бул жерде мейманкана курулган», – деп билдирди министрлик.
 
Тергөө иштеринин жыйынтыгында мамлекетке 72 миллион 9 миң сом зыян келтирилгени аныкталды, бул сумма толугу менен кайтарылган.
 
Мейманкана жана жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды. Учурда шектүү кармалып, тиешелүү процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө. Бул иштердин жыйынтыгы менен башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.
 
Маалымат катары:
 
Исаков Жумадыл Ырысбаевич Ош шаарынын мэри болуп 2005–2009-жылдары иштеген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз