УКМК "Пипи" каймана аты менен белгилүү УКТнын мүчөсүн кармады

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнүн жолун кесүү максатында ыкчам-профилактикалык иш-чараларын улантууда.

Тактап айтканда, УКМК кызматкерлери кылмыш дүйнөсүндө "вор в законе" деген ат менен белгилүү болгон, 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте жок кылынган Камчы Көлбаевдин классташы болгон Н.Н.К. аттуу жаранды аныкташты. Ал “Пипи” деген каймана ат менен таанымал. Спецслужбалардын маалыматына ылайык, ал Көлбаевдин тапшырмаларын аткарып келген.
 
Текшерүү маалында, бул жаран буга чейин Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин эски редакциясы боюнча 101-берене — «Саламаттыкка оор зыян келтирүү» боюнча соттолгону, ошондой эле 2007–2008-жылдары Талас облусунда «положенец» болгону белгилүү болду.
 
2024-жылдын 22-майында «Пипи» каймана аттуу ОПГ мүчөсү УКМКга жеткирилип, ал менен түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында ал кылмыштуу дүйнөдөн баш тартканын билдирип, уюшкан кылмыштуу топтон чыкты жана жарандарды “воровской идеяга” ээрчибөөгө чакырды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз