Оштун экс-казысынын баш коргоо чарасы өзгөрүп, камалды

Ош шаарынын мурдагы казысы Мирлан Токтомушевдин баш коргоо чарасы боюнча чыккан Ош шаардык сотунун өкүмү жокко чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басмы сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга УКМКнын Ош шаары жана Ош обулсу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү негиз болгон.
 
«Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын 2025-жылдын 29-майындагы аныктамасынын негизинде Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 23-майындагы Т.М.Б. жөнүндөгү токтому жокко чыгарылган.
 
Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы Башкармалыгынын ТБнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, айыпталуучу Т.М.Б. карата бөгөт коюу чарасы 2025-жылдын 18-июнуна чейин камакка алынган»,- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз