Санарип министрлигине жаңы үч орун басар келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругуна ылайык, Санариптик өнүгүү жана инновациялар министрлигинде кадрдык дайындоолор болду, деп жазат "АКИпресс".
Кубанов Нурсултан Кубанович министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Пирмаматов Азиз Салайдинович жана Омор уулу Айбек министрдин орун басарлары болуп дайындалды.
Релизде белгиленгендей, бул жаңы дайындоолор министрликтин башкаруу курамын күчөтүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жасалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.