УКМКга жарандарга ДНК-изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү ыйгарым укугу берилиши мүмкүн
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 16-июнда “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү карап чыгып, аларды биринчи окууда жактырды. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жарандарга молекулалык-генетикалык (ДНК) изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыйгарым укуктарын берүү сунушталууда.
УКМК төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев билдиргендей, 2024-жылы УКМКнын бир бөлүмүндө адам ДНКсын талдоо лабораториясы түзүлгөн. Бул лаборатория адамдын издери жана бөлүнүп чыккан биоматериалдары аркылуу ДНК профилин түзүү — башкача айтканда, генотипин аныктоо, биологиялык туугандыкты тактоо жана кылмыш болгон жерден алынган биологиялык объектилерди криминалистикалык изилдөөлөр үчүн колдонууга мүмкүндүк берет.
Анын айтымында, мындай лаборатория жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр оор жана өзгөчө оор кылмыштарды алдын алуу жана ачууда көмөк көрсөтүп жатат. Ошондой эле, мындай ДНК изилдөөлөрү ыкчам кызыгуу жараткан адамдарды аныктоодо колдонулууда. Учурдагы заманбап ДНК талдоонун ыкмалары бир нече тамчы кан, шилекей, кийимде калган тер, кагаз, стакан сыяктуу ар кандай заттардагы издер, тамыры менен жулунган чач, тырмак, тартылган тамеки, жеке колдонулган буюмдар аркылуу да изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүнкү күндө бул лаборатория — Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз ДНК талдоо лабораториясы болуп эсептелет. Бул багыттагы соттук-эксперттик изилдөөлөр үчүн жарандар азырынча чет мамлекеттердеги лабораторияларга кайрылууга мажбур, — деди Разаев.
Ал ошондой эле лабораториянын толук кандуу иштеши жана ишмердигин колдоо үчүн кымбат реактивдерди жана сарпталуучу материалдарды үзгүлтүксүз сатып алуу талап кылынарын белгиледи. Ушуга байланыштуу УКМК жарандарга акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатканын кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.