«Жүрөк ооруларын толук айыктырат»: Оштун тургуну президенттен жасаган дарысын лабораториядан текшертип берүүнү суранды

Бүгүн, 23-май күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын Рахматулла Сулайманов жүрөк ооруларын дарылай турган дары жасаганын айтып, аны лабораториялык жол менен текшертип, колдонууга чыгарууну президенттен суранды.

Анын айтымында, ал жүрөккө эч кандай операция жасабай эле, өзү жасаган дары менен жүрөк ооруларын айыктырууга болот.
 
«Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич, менин сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө. КРдин 2024-жылдын 12 январындагы №14 «КРде жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын 44-беренесинде ылайык, ар бир жаңы иштелип чыккан дары клиникалык изилдөөдөн өтүшү керектигине байланыштуу, мен иштеп чыккан дары жүрөккө шунтто (шунтирование) жасаттырбай, стент койдурбай, жүрөктүн кан тамырларын алмаштырбай, жүрөккө кардиостимулятор койдурбай, жүрөктүн клапанын алмаштырбай, бир эле учурда жүрөктүн бардык жагын айыктыра турган дарыны Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы илим изилдөө институтунда изилдетип чыгып, иш жүзүнө аша турган болсо жакшы иш болмок»,- деди ал.
 
Сулайманов статистика боюнча өлкөдө жүрөк ооруларынан улам 20 миңден ашык адам өлөрүн, эгер анын дарысы колдонууга берилсе, көп адамдын өмүрүн сактап калууга болорун белгиледи.
 
«Кыргызстанда статистика боюнча, кайтыш болгон 20 миңден ашык адамды өлүмдөн сактап калууга салым кошууга болот.Ошондой эле, ар 6 ай сайын жүрөк оорулары менен ооруканаларда жатып, дарылануусунун алдын алып, аларга бюджеттен сарпталган млрд.даган акчаларды үнөмдөп калууга болмок»,- деди ал.
 
Ошондой эле,  ал жасаган дарысынын эффективдүүлүгү 100 пайызды түзүп, операциялык жол менен жакшы болуучу жүркө кан тамыр ооруларын дарылоого мүмкүн болорун билдирди.
 
«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, жүрөктү эч кандай хирургиялык операциясыз, 100 пайызга чейинки айыктыра ала турган дары – бул дүйнөлүк илимий деңгээлдеги ачылыш. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги илимий ачылышты илимий жана практикалык жактан изилдетип чыгып, Кыргызстан боюнча ишке ашыруу, дүйнөлүк деңгээлде ишке ашыруу да сиздин колуңуздан келет. 
 
Медицинанын генийлери болгон Ибин Синанын дагы (Абу Али ибн Сина), Гиппократтын дагы эч кандай медициналык билими болгон эмес. Алардын өзүнүн шык-жөндөмү болгон. Менде да ошондой шык-жөндөм бар. Ошондой жол менен жүрөктү эч кандай хирургиялык операциясыз 100 пайызга чейин айыктыруучу дарыны иштеп чыкканмын. 
 
Конституциялык мыйзамдын  бир дагы беренесинде «дипломуна жараша иштейт» деп жазылган эмес. 48-берененин 1-пунктунда, «Жөндөмүнө жараша иштейт» деп жазылган»,- деди Сулайманов.
 
Рахматулла Сулайманов кошумчалагандай, эгер ал жасаган дарыны ичип, кайсыл бир жаран жабыр тартса, керт башы менен жооп берет.
 
«Урматтуу президент, менин күнөөм менен бир адамга зыян келсе, керт башым менен жооп берем деп сөз берем»,- деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз