«Бизден тарбияланып, мектепке баргандар көп»: Оштогу аутист, аң-сезиминин өнүгүүсү артта калган балдардын борбору

Кыргыз коомчулугу аутизм боюнча билгенине аз эле убакыт болду. Бул да болсо акыркы учурда аутизм боюнча даярдалган макалалардын мурдагыдан көп санда чыгып жатышынан кабар берет. Ошондой болсо да калктын кеңири катмарына чейин аутизм эмне экенини боюнча жеткиликтүү маалымат жете элек. Андыктан, бул жолу биз аутизм жана өнүгүүсү артта калган балдардын борбору боюнча баяндап берүүнү чечтик.

Ош шаарынын тургуну Нуржаннат Аралиева аутизм боюнча 7 жылдан бери изилдеп, окуп, балдардын аң-сезимин өнүктүрүүчү ар кандай окууларга окуган ата-энелердин бири. Ал баласынын аутист экенин 2 жашында билген. Учурда баласы 9 жашта.
 
 
«Балам быйыл 9 жашка толот. Баламдын өзгөчөлүгүн билген учурда 2 жашта болчу. Ошол учурдан бери аутизм боюнча изилдеп, окуп, эмнелерди гана кылган жокмун. Башымда көп нерсе өттү. Ар кайсыл жерлерге бардык. Дарылоолордун түрдүү ыкмаларын колдонуп көрдүк. Кийин Инстаграмдан «АВА-Умняшка» балдарды өнүктүрүүчү борбору бар экенин билип, ушул жакка келгем. Башында башым туман болчу. Эмнеден баштасам, эмне кылсам деп ойлонуп жүрдүм. Анда өзүм да депрессия болуп жүргөн учур эле. Бул борборго баламды алып келгенден баштап сенсордук интеграцияны окуп баштадым. Ошол учурда баламда сенсордук жактан кемчилдиктери бар экен эле. Ал учурда балам абдан гиперактивдүү болчу»,- деди ал.
 
Каарманыбыз аталган борбордо баласы тарбияланган мугалимдердин бири. Ал аутизм боюнча түрдүү тренингдерге катышып, логопед-дефектолог кесибине ээ болгон. Учурда Нуржаннат айым аталган борбордо башка балдарды да тарбиялайт.
 
«Бул борборго келгенден баштап сенсордук интеграцияны окуп баштадым. Онлайн окуп жүрдүм, тренингдерге катыштым. Ал арада борборго келген балдардан тажрыйба ал баштадым. Көп нерселерди үйрөнүп, өзүм жеке окуп да жаттым. Борборго көп балдар келген сайын тажрыйбаң да көбөйө баштайт экен. Ар кандай диагноздогу балдар келет, аларды үйрөтүп, көп тажрыйба алдым. Ошолор менен иштешип отуруп, сенсордук интеграциянын адиси болуп калдым. Өзүмдүн балам да жардам бере баштадым жана башка балдарга, ата-энелерге да үлгүлүү боло алдым»,- деди ал.
 
Оштогу бул «АВА-Умняшка» борбору аутист балдардын ата-энелери сабак берген уникалдуу борбор болуп саналат. Борбордун негиздөөчүсү Алтын Базарбаева кызы аутист экенин билгенден кийин жалгыз эместигин, мындай борборлор башка балдарга жардам бере аларын түшүнүп, борборду ачкан.
 
 
«Бул жолго мен капысынан эле келип калган жокмун. Канча кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Ошондой эле, бул жолдо адашып, башка иштерди жасап жүргөн ата-энелер бар экенин түшүндүм. Аутист балдары бар ата-энелерге комплекстүү жардам керек экенин түшүнүп, борборду ачууга мажбур болдум. Кызым 8 жаш учурунда аутист экенин билгенбиз. Ошол учурда Бишкекте болчубуз. Бишкектеги борборлор «кеч болуп калды, албайбыз» дегенден кийин аргасыз болуп ушул борборду ачууга мажбур болдум. 
 
Өзгөчө балдар менен жашаган ар бир күн - улуу жеңиш, чоң жоопкерчилик. Кызым 12 жашка чыккан болсо, 12 жылдан бери аутизм менен жашап келем жана кызымдын муктаждыктарын түшүнөм. Мындан улам мен АВА терапияны тандап алдым. Себеби, АВА терапия биздин кызыбыз – Элинага өтө чоң жардамын тийгизип жатат»,- деди ал.
 
«АВА-Умняшка» балдардын өнүктүрүү борборунун ачылганына 2 жылга чукул убакыт болгонуна карабай 200дөй баланы окутууга жетишкен. Алардын арасынан айрым балдар  мектепке барууга даяр болуп чыгышкан.
 
 
«Борбордун баалуугу – балдарга адаптациялык көнүмдөрдү жасаганды, өзүн алып жүрүүнү үйрөтөбүз. Ошондой эле, кадимки балдарга кошуп, өз алдынча жашап кетүүгө жардам беребиз. Маселен, биздин борборго келген Элвира деген окуучу бар болчу. Ал биздин борборго келип, 3-4 ай окуду. Ошонун негизинде өзгөчө көнүмдөргө ээ болуп, азыр болсо мектепке бара баштады»,- деди борбордун тарбиячысы Мээрим Айдарова.
 
Улукбек Мамытов «АВА-Умняшка» борборуна күн сайын балдарын алып барган ата-энелердин бири. Ал 5 жаштагы эгиз балдарын бир жылдан бери ушул борборго ташыйт. Бир жыл аралыгында эгиз балдардын аң-сезиминде чоң жылыш болуп, борбордогу көнүмдөр жардамын берген.
 
 
«Балдарым башында жакшы эле болчу. 1,5 жашка чыккан учурда тили чыга баштаган. Бирок, балдардын аң-сезими калып баратканын ата-эненин көзүнө көрүнбөйт экен. Жакшы дагы келинчегим байкап калды. Карасак 3,5 жаш болду. Сүйлөй албайт. Оюн түшүндүрө албайт. Айткан нерсеңди түшүнбөйт. Анан келинчегим менен кеңешип, ушул борборго алып келдик. Бул жакка алып келгенден баштап абдан чоң өзгөрүүлөр болду. Бул жакка келгенден киийн 3-4 айдан кийин көп сөздөрдү айтып, көп нерселерди үйрөнө башташты. Бир жыл мурунку учурга салыштырмалуу балдарымдын айырмасы асман менен жердей»,- деди ал.
 
Аталган борбор балдарды комплекстүү ыкма менен тарбиялайт. Борборго келген балдарга АВА терапия, ЛФК, сенсордук интеграция ыкмалары менен окутуу жараяндары жүрөт.
 
«Борборубузда кандай багыттар бар? Бизде комлекстүү ыкмалар колдонулат. АВА терапия деп коет, АВА терапия бир гана аутизми бар балдарга гана эмес, сүйлөөсү кечиккен, аң-сезими артта калган балдарга да жардам берет. Бул терапия өтө эффективдүү, илимге негизделген терапия болуп эсептелет. Борбордо логопед-дефектолог бар, сенсордук интеграция бар, ата-энелери менен чогуу үйрөтүлүүчү эки сааттык ЛФК сабактары бар. Ата-энелерди да үйрөткөн АВА мектебибиз бар, массаж бар. Бул деген сөз ата-энелер бир жерден АВА терапияны окутуп, бир жерден массаж кылдырып, убакытын кетирбестен, бир борбордон эле комплекстүү жардам ала аларын билдирет»,- деди борбордун жетекчиси Алтын Базарбаева.
 
Борбордо жогорку квалификациялуу адистер иштейт. Анткени, аутизми бар, аң-сезими артта калган балдар менен иштөө өтө кылдаттыкты талап кылат.
Автор: Б. Мамыт

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз