Өзгөндөгү «Малика» кафесинде капаста мыйзамсыз кармалып турган бөдөнөлөр жаратылышка кое берилди

Өзгөндөгү кафеде мыйзамсыз кармалган бөдөнөлөр аныкталып, кармаган жарандарга 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын июнь айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын Өзгөн районундагы инспекторлору тарабынан, биотүрдүүлүктү коргоо боюнча Өзгөн районунун егери жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоого каршы рейд жүргүзүлдү.
 
«Рейддин жүрүшүндө Өзгөн шаарынын Амир Темур көчөсүндөгү Мажурум-Тал кварталында жайгашкан «Малика» кафесинде мыйзамсыз кармалып турган төрт (4) даана жапайы бөдөнө капастан табылды. Окуя болгон жерде тиешелүү тартипте акт толтурулуп, жаныбарларды мыйзамсыз кармаган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 268-беренесине ылайык 10 000 сом айып пул салынып, жапайы канаттуулар өз жаратылыш чөйрөсүнө – талаага кое берилди»,- деп айтылат маалыматта.
 
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келерин жана мындай учурлар аныкталган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлө турганын эскертет. Жаратылышты коргоо – ар бир жарандын милдети!

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз