Агартуу министрлиги жогорку балл алып, бирок "алтын сертификаттарга" жетпей калган 19 бүтүрүүчүнүн тизмесин чыгарды

Агартуу министрлиги ЖРТдан жогорку балл алып, бирок «алтын сертификатка» бир аз жетпей калган Кыргызстандын 7 облусунун бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесин жарыялады, деп жазат "Билим АКИпресс".

Алар президент катышкан иш-чарага чакырылып, белектерди алышат.
 
Эске салсак, «алтын сертификат» ЖРТдан 228 балл жана андан жогору алган бүтүрүүчүлөргө ыйгарылат.
 
Баткен облусу:
 
Алибаев Нурболот Бакытбекович, Кадамжайдагы «Семетей» лицейи – 227 балл
 
Киргизбаев Дилмурат Элмуродович, Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицей – 224 балл
 
Жалал-Абад облусу:
 
Абдибалиев Умар Нурбекович, Сузак районундагы «Аль-Фауз» билим берүү комплекси – 227 балл
 
Азамходжаев Абдурауф Абдуразакходжаевич, Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп – 226 балл
 
Ош облусу:
 
Абдиева Акмарал Эсенбаевна, Ноокат районундагы А.Парпиев атындагы мектеп – 227 балл
 
Амерханов Линар Алмазович, Ош шаарындагы «Светоч» православдык чиркөө-мектеби – 226 балл
 
Миродилжонова Мадина Аброржоновна, Араван районундагы А.Навои атындагы №3 мектеп – 226 балл
 
Сутулов Ярослав Евгеньевич, Ош шаарындагы «Купуев академиясы» ЖЧКсы – 226 балл
 
Ысык-Көл облусу:
 
Токтобеков Дастан Мирбекович, Каракол шаарындагы «Ломоносов мектеби» илимий-билим берүү комплекси – 227 балл
 
Сазонов Артур Валерьевич, Каракол шаарындагы №2 мектеп – 226 балл
 
Талас облусу:
 
Адылбеков Бакыт Русланович, Талас районундагы Ш.Шеркулов атындагы мектеп – 223 балл
 
Кушубекова Альбина Замирбековна, Айтматов районундагы Т.Бабанов атындагы мектеп-интернаты – 221 балл
 
Тобокелова Айтурган Аманкуловна, Бакай-Ата районундагы Б.Сатыбеков атындагы мектеп – 221 балл
 
Нарын облусу:
 
Тойчубеков Актан Тойчубекович, Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп – 218 балл
 
Абдырасулов Ардак, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицей – 217 балл
 
Болотбеков Мырза Эркинбекович, Кочкор районундагы Н.Жундубаева атындагы мектеп – 217 балл
 
Сыдыкбаева Медина Усеиновна, Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектеп – 217 балл
 
Чүй облусу:
 
Тургуналиев Бектур Азизович, Кемин районундагы Ж.Садыков атындагы №1 мектеп – 227 балл
 
Слюсарев Данила Витальевич, Жайыл районундагы №6 мектеп – 226 балл
 
Үчүнчү этаптагы ОРТ жыйынтыгына жараша бул тизмеге дагы кошулушу мүмкүн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз