Шашылыңыз! Гимндин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча сынакка эмгектер кабыл алына баштады

Сүрөт: Маданият министрлиги

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги гимндин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынакка эмгектерди кабыл алуу уланып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-февралга карата 279 жарандан 439 кайрылуу келип түштү. Анын ичинен 23ү толук талаптарга жооп берип, каттоого алынды.

Катышууга кызыкдар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кеп-кеңештер берилүүдө. Сынакка композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша алат.

"Өтүнмөлөр 2025-жылдын 20-мартына чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин Маданият министрлигинин кеңсесинде Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегинде кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алыскы аймактардагы каалоочулар электрондук форматта төмөнкү дарекке жөнөтсө болот: gimn.2025@minculture.gov.kg.
Байланыш үчүн телефон: 0312 66 11 28

7-февралда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалык алдында гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы жыйыны болуп өткөн.

Комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик гимнди жаңыртуунун маанилүүлүгүн айтып, улуттук баалуулуктарды, мамлекеттик символдорду сыйлоону жана жалпы элдин рухун чагылдырган вариантты тандоо зарылдыгын белгилешти.

Комиссия ишин улантып, кабыл алынган чечимдер жөнүндө кошумча маалыматтар берилери айтылган.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз