Кара-Суу: "Туратали" базарынын соодагери сабалды. Базар башчысынын аты эмне үчүн аталып жатат?

Сүрөт: Адвокат Назгүл Сүйүнбаева.

Ош облусунун Кара-Суу районунун «Туратали» базарынын соодагери И.С сабалганы айтылууда. Бул тууралуу жактоочу Назгүл Сүйүнбаев өзүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
 
Кийинчерээк Сүйүнбаева Turmush басылмасына билдиргендей, «Туратали» базарынын соодагери И.С аттуу соодагер 20-июнь күнү болжол меенен саат 15:40та аталган базардын башчысы Н.Э. жана анын колунда иштеген бир канча адам тарабынан сабалган.
 
« "Туратали" базарынын башчысы жана колунда иштеген бир-эки адам соодагерди урушкан. Бул боюнча милицияга арыз жазышкан. Текшерүү жүрүп жатат. Бул окуя 20-июнь күнү 15:40та болгон деп турат токтомдо. 
 
Соодагер өзүнө тиешелүү контейнерди саткан. Базардын башчысы «саткан акчанын 10 пайызын беришиң керек» деп талап кылган экен. Соодагер «неге беришим керек» десе, уруп салышыптыр»,- деди ал.
 
Сүйүнбаева ошондой эле, аталган жарандын жактоочусу экенин кошумчалады.
 
Бул окуя боюнча Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, төмқнкүлөрдү кабарлады.
 
«Жогорудагы факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши ачылып,  алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
 
Эки тарап тең арыз менен кайрылган.  Учурда арыздануучуларга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. 
 
Бул окуя жетекчиликтин көзөмөлүндө. 
 
Кийинчерээк, коомчулукка толук маалымат берилет»,- деп айтылат маалыматта.
 
Ал эми «Туратали» базарынын башчысынан комментарий ала алган жокпуз.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз