Бишкекте 5 МАБдын жетекчиси жумуштан алынды. 4 аким менен орун басарларына сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында кезектеги кеңешме болуп өттү, деп жазат "АКИпресс".

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ар бир муниципалдык территориалдык башкармалыктын (МТУ) ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзгөн жумушчу топ түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым административдик кеңселердин жанындагы аймактарда кемчиликтер, ошондой эле мыйзам бузуулар, функционалдык милдеттердин аткарылбагандыгы, көрктөндүрүү жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча олуттуу мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
 
«Эгер иштеп жүрүп кеңсеңердин тегерегин иретке келтире албасаңар, анда райондун аймагын кантип иретке келтирмек элеңер?» – деп нааразы болду мэр.
 
Жыйынтыгында төрт райондун акимдерине жана алардын орун басарларына начар көзөмөл үчүн тартиптик жаза – сөгүш берилди.
 
Ошондой эле №3, №8, №18, №19 МАБдар жана Новопавловкадагы МАБ жетекчилери кызматтан бошотулду. Калган МАБ жетекчилери сыноо мөөнөтү менен орун алмаштырылды (ротация жасалды).
 
Мэриянын маалыматы боюнча, муниципалдык башкармалыктардын ишмердүүлүгүн талдоо учурунда көпчүлүк МАБ тарабынан 2025-жылдын ичинде бир да протокол түзүлбөгөнү белгилүү болду. Ал эми мыйзам боюнча 18 берене боюнча протокол түзүүгө мүмкүнчүлүк бар.
 
Өз кезегинде Муниципалдык инспекция 5 ай ичинде 4236 протокол түзүп, 35 миллион 143 миң 500 сомдук айып салган. Ал эми Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы 1289 протокол түзүп, 36 миллион 272 миң сом айып жазган.
 
Төрт райондун акимдери төмөнкүлөр:
 
Ленин району — Жыргалбек Шакиев,
 
Октябрь району — Жаныбек Орозалиев,
 
Биринчи Май району — Улан Сарылбек уулу,
 
Свердлов району — Капарбек Адиев.
 
Мэрия азырынча кызматтан алынган МАБ жетекчилеринин толук тизмесин бере элек.
 
№3 МАБ — Ак-Ордо жаңы конушунда,
№8 МАБ — 8-кичи райондо,
№18 МАБ— Чыгыш-5 кичи райондо,
№19 МАБ — Аламедин-1 кичи райондо жайгашкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз