Президент «Оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамына кол койду
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын «Оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 21-майында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле оперативдүү-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо кепилдиктерин жогорулатуу болуп саналат.
Мыйзамда оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүнүн максаттары, милдеттери, принциптери, негизги түшүнүктөрү, укуктук негиздери, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо кепилдиктери каралган, ошондой эле оперативдүү-издөө иш-чараларынын түрлөрү, аларды жүргүзүүнүн жана токтотуунун негиздери, шарттары, мамлекеттик органдардын системасы, алардын ыйгарым укуктары, оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын жана бул органдарга жардам көрсөткөн адамдардын социалдык жана укуктук коргоосу, ошондой эле ведомстволук контролду жана оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү боюнча прокурордук көзөмөлдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби аныкталган.
Мыйзамга ылайык, оперативдүү-издөө иш-чаралары жарандардын конституциялык укуктарын чектебеген жана атайын тергөө аракеттери катары жүргүзүлүүчү иш-чараларга бөлүнөт (7-берене).
Мыйзамдын 14, 15, 16 жана 17-беренелеринде оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдар, алардын укуктары, милдеттери, оперативдүү-издөө ишин жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын социалдык жана укуктук коргоосу аныкталган. Ошондой эле, 18 жана 19-беренелерде жарандарды оперативдүү-издөө иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө тартуунун тартиби жана шарттары, оперативдүү-издөө ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган органдарга жардам көрсөткөн адамдардын коргоо кепилдиктери каралган.
22 жана 23-беренелерде оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү боюнча прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволук контролду ишке ашыруунун тартиби белгиленет, мында оперативдүү-издөө ишинин уюштурулушу, тактикасы, ыкмалары жана каражаттары тууралуу маалыматтар прокурордук көзөмөлдүн предметине кирбейт деп көрсөтүлгөн.
Мыйзам менен 1998-жылдын 16-октябрында кабыл алынган (2001-жылдан 2023-жылга чейин киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен) «Оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам күчүн жоготту деп таанылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.