Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтын системасын дебюрократизациялоодон алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча буйрукка кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 24-июнунда мамлекеттик кызмат системасын дебюрократташтыруу алкагында бошогон каржы каражаттарын бөлүштүрүү чаралары жөнүндө №191 токтомго кол койду.
Мамлекеттик органдардын штаттык санын кыскартуу менен бошогон каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана стимулдаштыруу фондуна топтолот. Бирок бошотулган кызматкерлерге эмгек мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктерге жана компенсацияларга, ошондой эле кошумча операциялык чыгымдарга багытталган каражаттар бул эрежеден тышкары калат.
Бошогон каражаттар мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кошумча сый акыларга жана башка материалдык стимулдаштыруу чараларына колдонулат. Мамлекеттик органдардын штатын көбөйтүү зарылдыгы жаралса, кошумча чыгымдар биринчи кезекте мурда бошогон каражаттардын эсебинен каржыланат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.