УКМК Бишкектин вице-мэри Талайбек Байгазиевди опузалап акча талап кылууга айыптап кармады
УКМК 2025-жылдын 27-июнунда Бишкек шаарынын вице-мэри «Б.Т.А.»ны (Байгазиев Талайбек Аскарович — ред. эскертүүсү) акча талап кылган факты боюнча кармаганын мекеме билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
«Аталган акча каражаттары «Б.Т.А.» тарабынан Бишкек шаардык ЖЭБди реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын жылдыруу үчүн талап кылынган.
Бирок «Б.Т.А.» акчаны алгандан кийин ар түрдүү себептерди көрсөтүп, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качып келген», – деп маалымдашты УКМКдан.
УКМКнын маалыматына караганда, кармалган адам кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара алуу фактысы боюнча дагы бир кылмыш ишинин фигуранты болуп саналат.
Ленин райондук сотунун чечими менен «Б.Т.А.»га карата 2025-жылдын 20-августуна чейин камакта кармоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Маалымат үчүн:
Байгазиев Бишкек шаарынын вице-мэри кызматын 2024-жылдын 12-июнунда ээлеген. Ал күйүүчү-энергетикалык комплекс маселелерин көзөмөлдөйт. Буга чейин Байгазиев энергетика министринин орун басары кызматын аркалаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.