Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы МКУнун билдирүүсүн четке какты: ОСАГО жоктугу үчүн жаза чараларынын киргизилишин кийинкиге калтыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандык автокоопсуздук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жоктугу үчүн айыппулдардын колдонулушун кийинкиге жылдыруу тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат таратып жатат. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

«ОСАГО полиси жоктугу үчүн айыппул санкцияларын киргизүүнү узартуу же артка жылдыруу боюнча эч кандай чечимдер кабыл алынган жок. 2025-жылдын 1-июлунан тартып ОСАГО полиси жоктугу үчүн айыппулдар толук көлөмдө күчүнө кирет», - деп белгилешти мекемеден.
 
ОСАГО камсыздандыруу полиси жоктугу үчүн айыппулдар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1999-жылдын 4-августундагы №421 токтому менен бекитилген «Жол кыймылынын эрежелери жана транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруунун негизги жоболору жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттери» боюнча колдонулат:
 
— башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн — 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;
 
— юридикалык жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык же алар тарабынан колдонулуп жаткан автотранспорт каражаттары үчүн — 2023-жылдын 1-апрелинен тартып;
 
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары үчүн — 2025-жылдын 1-июлунан тартып.
 
Кыргыз Республикасынын «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы 2015-жылдын 24-июлунда №192 күчүнө кирген.
 
Буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматы жарандарга ОСАГО полисин тариздөөгө 2025-жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилери тууралуу маалымат тараткан.
 
«Бул өткөөл мезгил ар кандай себептерден улам 1-июлга чейин өз транспортун камсыздандыра албай калган жарандар үчүн каралган», - деп билдиришкен МКУдан.
 
Маселенин тарыхы:
 
Буга чейин 2025-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда жеке адамдарга ОСАГО полиси жоктугу үчүн айыппул санкциялары колдонулары маалымдалган.
 
Жеке адамдар үчүн ОСАГО полиси жоктугу үчүн айыппулдун суммасы 3 миң сомду түзөт.
 
Юридикалык жактар жана чет өлкөлүк каттоодогу транспорт каражаттарынын ээлери үчүн айыппулдар 2023-жылдын 1-апрелинен бери колдонулуп келе жатат жана алар үчүн айыппул 13 миң сомду түзөт.
 
ОСАГО жол кырсыгы болгондо башка жол кыймылынын катышуучуларына келтирилген зыянды жабууга багытталган. Камсыздандыруу ассоциациясы айдоочуларга айыппул санкцияларына туш болбоо үчүн полистерди алдын ала тариздөөнү сунуштайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз