Министрлер кабинетинин төрагасы көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону болгон кызды сыйлады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучулары менен жолугушту.

Дүйнө чемпионаты Болгариянын София шаарында өттү.
 
Кабминдин башчысы Злата Аркатованын көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатындагы жеңишин тарыхый жетишкендик деп белгиледи, анткени Кыргызстан көркөм гимнастикада биринчи жолу мындай бийик деңгээлге жетти.
 
«Сен Кыргызстанды бүт дүйнөгө тааныттың, дүйнөлүк аренада биздин желегибиз көтөрүлүп, гимнибиз жаңырды. Жогорку чеберчилик, рух күчүн көрсөтүп, кыргыз гимнастика мектеби эң жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин далилдедиң», – деди ал.
 
Жолугушууга Гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова жана машыктыруучулар Жаныл Каймазарова менен Гүлнар Мамыркулова да катышты.
 
«Бул ийгилик команданын биргелешкен эмгегинин, тынымсыз аракеттин жана жогорку кесипкөйлүктүн жыйынтыгы болду», – деп белгиледи ал.
 
Касымалиев Злата Аркатовага жана анын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз