Ош шаарындагы окуучулардын 25% босого баллдан өтпөй калды

 
Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов "Милдет" фракциясынан депутат Медер Абдыманаповдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. 
 
"Ош шаарындагы окуучулардын канчасы босого баллдан өтпөй калганы боюнча так маалыматым жок . Бирок 25%ы босого баллдан өтпөй калды",- деди Досмуратов. 
 
Медербек Абдыманапов билим берүү тармагындагы парадокстор бар экенин айтты. 
 
"Жылда "Мыкты мугалим" сынагы өткөрүлөт. Жыл сайын Ош шаарынын мугалимдери  аталган сынакты жеңип алат. Бирок, ЖРТге келгенде ушундай жыйынтык болууда",- деди депутат.
Мындан сырткары, "Алтын сертификат" окуучунун чыныгы билимин билдирбешин, ал бир нече адамдын эмгеги экенин билдирип, окуучулар стандарттуу окуу системасы менен окуй турганына, орточо баллды жогорулатуу үчүн ийкемдүү илимдерди өнүктүрүү керектигине токтолду.
 
"Окуучунун чыныгы билимин "Алтын сертификат" арыктабайт. Ал окуучунун, бир нече ата-эненин эмгеги. Билим деңгээлиди көтөрүп, орточо баллды жогорулатуу үчүн стандарттык окуу системасын эле окута бербей, ийкемдүү илимге маани бериш керек. Биз башында айткан элек, 1000 мугалимге бюджеттен 5 млн бөлүп, ийкемдүү көндүмдөрдү окуталы, окуучулар логикалык суроолорго даяр болсун деп",- деди М.Абдыманапов.
 
Ушул жылдын 23-июнунда Жалпы республикалык тесттин биринчи жана экинчи этаптарынын жыйынтыгы чыгып, эң жогорку упай алган 54 бүтүрүүчү "Алтын сертификаттарга" ээ болушкан. Анын аймактар боюнча бөлө келгенде көпчүлүгү Бишкек шаарынын жана орус тилдүү мектептерде окуган окуучулардын упайлары жогору болгон. 
 
Ал эми Ош шаарынан эки окуучу гана "Алтын сертификатка" татыган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз