Чүйдө жол эрежесин 169 жолу бузган айдоочу аныкталып, автоунаасы айып короого токтотулду
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы 7-июлда билдиргендей, жол эрежесин 169 жолу бузган айдоочу аныкталды.
Чүй облустук ЖКККБнын инспекторлору текшерүү үчүн «ВАЗ 21074» унаасын токтотуп, автоунаага «Коопсуз өлкө» камералары тарабынан катталган 169 административдик айып пул салынганын жана алар төлөнбөгөнүн аныкташкан.
Натыйжада унаа айып аянтчасына токтотулуп, айдоочуга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренеси («Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү») боюнча протокол түзүлдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.