Министрлер кабинети Ош шаарынын инфраструктурасына 1 млрд сом бөлөт
Министрлер кабинети Ош шаарынын мэриясына шаардык инфраструктураны жакшыртуу долбоорлорун каржылоо үчүн кошумча булактар табылган учурда 1 миллиард сом көлөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Тиешелүү №536-р токтомго 2025-жылдын 24-июнунда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Каражаттар Финансы министрлиги тарабынан Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу аркылуу берилет.
Кредит 6 жылдык мөөнөткө берилет, анын ичинен 1 жылы жеңилдик мезгили катары эсептелет. Жылдык үстөгү — 1%. Эгерде төлөө кечиктирилсе, 6% өлчөмүндө айып төлөнөт. Негизги карыз жана үстөк пайыздар квартал сайын төлөнүшү керек.
Каражаттар тендердик мамлекеттик сатып алуулар процедуралары бүткөндөн кийин гана транштар менен берилет. Негизги шарт — мэрия тарабынан күрөөгө мүлк коюлушу керек.
Ош шаарынын мэриясына каражатты максаттуу колдонуу жана өз убагында кайтаруу, ошондой эле шаардык бюджетке жыл сайын кредитти тейлөө чыгымдарын киргизүү тапшырылды.
Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө — Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.