Бишкекте Санэпид борборунун санитардык дарыгери кармалды
Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери жарандардан системалуу түрдө акча каражаттарын опузалагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан оң корутунду берүү үчүн пара түрүндө системалуу негизде акча чогултуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурган дарыгер С.Д.А. кармалды. Ал Бишкек шаардык «Башкы архитектурасынан» уруксат алуу үчүн, тиешелүү тараптарга санитардык нормалардын сакталышын тастыктаган уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жүргөн.
“12-июнь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда аныкталган маалыматка ылайык, санитардык дарыгер С.Д.А.нын «МБанк» электрондук капчыгына чоң өлчөмдөгү акча каражаты которулган. Ошондой эле, өздүк тинтүү учурунда С.Д.А.нын жанынан 25 000 сом, ал эми унаасынан 55 000 сом акча каражаты табылып алынган. Бул акча каражаттарынын келип чыгышын С.Д.А. түшүндүрүп бере алган эмес. Бул кылмыш ишинин алкагында дарыгер С.Д.А. КР КЖК 96-беренесине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин ичинен аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда”,- деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда, Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери тарабынан берилген уруксат кагаздарынын мыйзамдуулугу жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайыктуулугу текшерилип, мыйзамга ылайык келбеген учурда берилген уруксат кагаздары жокко чыгарылат.
УКМК коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын катаалданышына байланыштуу өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү жана максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканын эскертет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.