Бодрумдогу үй, Алматыдагы компания. Ташиев Салык кызматынын экс-башчысы Абдуваповдон $55 млн табылганын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында өткөн жыйында Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповдун мүлкү тууралуу билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов учурда камакта. Ал 2024-жылдын декабрында коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Кылмыш иши электрондук товардык-транспорттук накладнойлорду колдонуу жана алардын кайтарылышы менен байланыштуу.
 
«Анын Түркиянын Бодрум шаарында үйү, Алматыда коммерциялык ишканасы бар. Бишкектеги үйүн элчиликке айына 4 млн сомго ижарага берип турат. Ошондой эле курулуш компанияларында үлүштөрү бар», – деди Ташиев.
 
УКМКнын маалыматына караганда, экс-төраганын жалпы мүлкү 55 миллион долларга бааланган. Ташиевдин айтымында, анын бардык мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат.
 
Маселенин тарыхы
 
Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын мурдагы орун басары Исламбек Кыдыргычов 2025-жылдын 20-июлуна чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу 20-майда Биринчи Май райондук соту маалымдаган.
 
Абдувапов менен Кыдыргычов 2024-жылдын декабрында кармалып, кызматтарынан четтетилип, УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына камалган. Алар салык органдарындагы коррупцияга, тактап айтканда, электрондук товардык-транспорттук накладнойлорду колдонууга байланыштуу шек саналууда.
 
Мурун сот алардын камакта кармоо мөөнөтүн эки жолу узарткан — 2025-жылдын 17-январында жана 17-мартында.
 
2024-жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрт райондук бөлүмүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
 
УКМКнын маалыматына караганда, акцизделүүчү товарларды (алкоголь, шекер камтылган азыктар, тамеки) өндүргөн жана импорттогон ири ишканалар бул товарларды негизинен түштүк аймактарга жөнөтүп турушкан, бирок эсептик базада товарларды коштоочу документтерди артка кайтаруу же жокко чыгаруу фактылары катталган.
 
«2024-жылдын ичинде СКтин кызматкерлери Бишкек шаарындагы акциздүү товарларга байланышкан 3,2 миллиард сомдон ашык суммадагы товардык-транспорттук накладнойлордун жокко чыгарылышын атайылап көз жаздымда калтырышкан», — деп билдирген УКМК.
 
Коопсуздук кызматтарынын иликтөөсүнө ылайык, 1 миллион ЭТТН кайтарылып алынган, бирок алардын бирөөлөрү да салык инспекторлору тарабынан текшерилген эмес. ЭТТНдин жалпы жүгүртүүсү 464 миллиард сомду түзгөн, ал эми төлөнбөй калган салыктын суммасы 30 миллиард сомго чейин жеткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз