"Мейкин Азия -2025": Димаш, “Ay-Yola” сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар Ысык-Көлдө ырдашат
2025-жылдын 20-21-22-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо “Мейкин Азия” IV эл аралык эстрадалык музыка фестивалы болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул масштабдуу маданий иш-чара дүйнөнүн 25тен ашуун өлкөсүнөн келген жаш, таланттуу эстрада ырчыларын камтыйт. Үч күн бою фестиваль жаркын аткарууларга, улуттук өзгөчөлүктөрдү айкалыштырган заманбап сахна атмосферасына жана эл аралык маданий диалогго айланат.
Фестивалдын ар бир күнү Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү жылдыздарынын катышуусунда чоң концерттик программалар менен коштолот. Меймандар күн сайын жандуу музыкадан, жаңы аткаруучулардын чыгармачылыгынан жана профессионал сахнадан ырахат алышат.
Фестивалдын концерттик бөлүгү төмөнкү белгилүү кыргызстандык аткаруучуларды камтыйт:
Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан, ERA.
Ошондой эле “Мейкин Азия” фестивалы быйылкы жылы эл аралык сахнанын жылдыздарын да тосуп алат. Алардын катарын төмөнкү белгилүү коноктор толуктайт:
– I “Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүсү, казакстандык дүйнөлүк жылдыз Димаш Кудайберген;
– азыркы учурда кеңири популярдуулукка ээ болгон “Ay-Yola” музыкалык тобу,
– Армениядан келген белгилүү ырчы Sevak.
Фестивалга билеттерди Tiket.kg, Mtiket онлайн платформаларынан сатып алууга болот.
2025-жылдын жай мезгилин “Мейкин Азия” менен баштаңыз – музыкалык толкунга кошулуңуз!
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.