"КӨЭАУ периси-2025" : Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды

 16-май күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “КӨЭАУ периси - 2025” сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө форматта уюштурулган кароо-сынакта алгач перилер эң акыркы үлгүдөгү автоунаалар менен келип, кызыл килем аркылуу окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун концерттик залына киришти.
 
Иш чара жаштардын эстетикалык табитин арттыруу максатында окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, сынакка ар бир факультеттен бирден тандалып алынган жети кыз катышты. Алар,  жобого ылайык 5 этап боюнча таланттарын, интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүштү. 
 
Жыйынтыгында калыстар тобунун баалоосуна ылайык табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Жамаева Таңсулу  "КӨЭАУ периси-2025" номинациясын жеңип алды. Юридика-экономика факультетинин студенти Абазбек кызы  Бүзейнеп жана кесиптик колледждин студенти Шамырзаева Аида 1-орунду, тарых-филология-факультетинин студенти Жапарова Орозгүл 2-орунду инженердик-технологиялык факультетинин студенти Тухтоназарова Алиса 3-орунду камсыздашты. 
 
Ал эми медициналык колледждин студенти Бакирова Гүлсана “КӨЭАУнун таланттуу  периси”, гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти Нуркулова Айгерим “КӨЭАУнун сымбаттуу периси” номинацияларына ээ болушту. Жапарова Орозгүл инстаграмдагы күйөрмандарынын тандоосу менен "Инстаграм периси" деп тандалды.
 
Уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө, жалпы катышуучуларга акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз