Кайсыл класстар кайсыл жылы 12 жылдык билим берүү мектеп окутуусуна секирет?

Иллюстрациялык сүрөт

Билим берүү министрлиги 2025–2026-окуу жылына базистик окуу планын бекитти, деп жазат "Билим АКИпресс".
 
Ага ылайык, 2025–2026-окуу жылында 6 жаштагы (2019-жылы туулган) балдар жалпы билим берүү мекемелеринин 1-классына кабыл алынып, 12 жылдык мектептин 1-классынын билим берүү программасы боюнча окушат.
 
Бул программага апробациядан өткөн «Наристе» программасы жана табигый илим багытындагы пропедевтикалык (алдын ала тааныштыруу) мазмун камтылган, ал «Мен жана дүйнө» сабагы аркылуу жүргүзүлөт.
 
6 жана 7 жаштагы (2018-жылы туулган) балдар, эгерде алар «Наристе» деген мектепке чейинки даярдоо программасын өтүшкөн болсо, дароо 2-класска кабыл алынышат жана 12 жылдык мектептин 2-классынын программасы боюнча окушат.
 
11 жылдык мектептин 1-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 2-класска өтүшөт жана 11 жылдык мектептин 2-классынын программасы менен окууну улантышат.
 
 
12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча “прыжоктор” (баскычты өткөрүү) 5 жана 9-класстардан кийин болот:
 
2017-жылы туулгандар (азыркы 2-класс) — 2028–2029-окуу жылынан кийин 5-класстан 7-класска өтөт;
 
2016-жылы туулгандар (азыркы 3-класс) — 2027–2028-окуу жылынан кийин 5-класстан 7-класска өтөт;
 
2015-жылы туулгандар (азыркы 4-класс) — 2026–2027-окуу жылынан кийин 5-класстан 7-класска өтөт;
 
2014-жылы туулгандар (азыркы 5-класс) — 2025–2026-окуу жылынан кийин 5-класстан 7-класска өтөт;
 
2013-жылы туулгандар (азыркы 6-класс) — 2028–2029-окуу жылынан кийин 9-класстан 11-класска өтөт;
 
2012-жылы туулгандар (азыркы 7-класс) — 2027–2028-окуу жылынан кийин 9-класстан 11-класска өтөт;
 
2011-жылы туулгандар (азыркы 8-класс) — 2026–2027-окуу жылынан кийин 9-класстан 11-класска өтөт.
 
2008, 2009 жана 2010-жылы туулган балдар (азыркы 9–11-класстар) үчүн эч кандай "прыжок" болбойт — алар 11 жылдык программа боюнча окуусун аякташат.
 
Программадагы өтүү этаптары төмөнкүдөй болот:
 
5-класска чейин — окуучулар эски программа менен окушат;
 
5-класста — интеграцияланган программа окутулат;
 
7-класстан баштап — жаңы 12 жылдык программа менен окушат.
 
9-класска чейин — эски программа;
 
11-класста — интеграцияланган программа;
 
12-класста — жаңы программа менен окутуу жүргүзүлөт.
 
2028–2029-окуу жылында:
 
Эки агым менен 9-класстын бүтүрүүчүлөрү чыгат (кош бүтүрүү болот);
 
Биринчи жолу 12 жылдык мектепти бүтүргөндөргө аттестаттар берилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз