Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалды

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалганын «Сводка АКИпресс» басылмасы өз булагына таянып кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тергөө-оперативдик иш-чараны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери жүргүзүшкөн. Ырсалиев менен бирге Ленин жана Октябрь акимиаттарынын кызматкерлери да кармалган.
 
Азырынча алардын эмнеге байланыштуу кармалганы белгисиз.
 
Белгилей кетсек, Ырсалиев бул кызматка 2024-жылдын 14-майында дайындалган. Ал транспорт жана курулуш маселелерин көзөмөлдөйт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз