Шоколад жебеген бала (Аңгеме)

Мээрбек шаардын борборундагы 2 кабаттуу мектепте окуйт. Шоколад жегенди жанындай жакшы көрөт. Ошондуктан ата-энеси ага шоколад алуу үчүн акча берет. Сабакка баратканда жолдун жээгинен күн сайын кичинекей тилемчиге жолугат. Ата-энеси “Шоколад сатып алып жегин” деп берген акчаны ал ошол тилемчинин алдына коюлган кир баштыкка салат. Канчалык шоколад жегиси келсе да, акчасын тилемчиге берип коё берет. 
 
Акыркы күндөрү дагы бир кишинин ошол тилемчи кызга күн сайын акча бергенин байкайт. Ал киши жумуштан түштөнүүгө чыгып келе жатып берчү. “Жакшы киши экен” деп ойлоп койчу.
 
Бир күнү сабактан кайтып, адаттагыдай шоколадга деп алган акчасын берүү үчүн келе жаткан Мээрбек тилемчи кыздын орду бош калганын көрүп, жүрөгү шуу дей түшөт. “Өлүп калбады бекен, суукта үшүп тоӊбоду бекен” деп кыжалат болот. Издейин десе үйүн билбейт. Кыйла убакыт күтүп турат, майып тилемчи кыз эч жактан келбейт. Жакын жердеги дүкөнгө кирип, дүкөнчүдөн сурайт.
 
-Ал атасы катуу ооруп калып, бүгүн жумушуна чыкпады. Менин кошунам болот,-дейт дүкөнчү Мээрбекке анчейин көӊүл деле бурбай текчедеги азык-түлүгүн тизип жатып.
 
-Ал кыздын атасы барбы?-деп сурайт Мээрбек.
 
-Ооба, атасы бар. Бирок ал дагы бир буту кесилген майып. Кечээ коляскасынан жыгылып түшүп катуу ооруп калып, кызы апасы менен аны карап бүгүн ишке келген жок.
 
-Кайсыл ишке? Ал кыз тилемчилик да кылып, анан кайсыдыр бир жерде иштеп да жүрөбү?
 
-Жок, ай. Кандай баласыӊ түшүнбөгөн. Тилемчилик анын иши эмей эмне. Күн сайын биз ишке келгендей ал ошол жерге келип олтурса, биз кайтканда кошо кайтса, акча тапса, ал үчүн бул иш да.
 
-Коюӊузчу, аны арга жоктон жасап жатат да, башка эч жерде аны ишке албайт да. Окууга да албайт, баса албаса эч ким аны карабаса, тилемчилик кылат да, ага. Атасына окшоп майып болгонбу же экөө чогуу кырсыкка кабылган беле? Кошунасы болсоӊуз билесиз да.
 
-Ай, уулум. Сен бир кайырчыга неге мынча кызыгып калдыӊ. Чоӊойгондо ошол майып кызга үйлөнөсүӊбү же?
 
-Андай дебеӊизчи, мен аны суукка тоӊуп бир нерсе болгон окшойт деп коркуп кетип сизди билет бекен деген ой менен сураганы дүкөнүӊүзгө кирип калдым.
 
-Бирге майып болушкан эмес. Кыз тубаса майып төрөлгөн. Атасы аракты абдан көп иччү. Ошондон улам кызы майып туулган. Аны 2 жашка чейин билишкен эмес. Ооруканада “бул кызды социалдык коргоо ишканасына кайрылып, майыптар группасы менен пенсияга чыгарып, акчасын алып жашай бергиле. Айыкпайт” деп үмүттөрүн үзгөндө атасы “майып кыздын атасы” деген сөзгө калгым келбейт. Балдар үйүнө тапшырып келебиз” деген экен. Алып барышса ал балдар үйү жетим балдарды кабыл алат экен, майып балдарды караган жер жок болуп чыгыптыр. Анан аялы экөө кызын аргасыз үйүнө алып келишиптир. Көп өтпөй майып кызын тапшырганга боорукердик үй издегени чыгыптыр. Бир жерде майыптар үйү бар экенин угуп менчик машинасы менен ошол жакка баратып автокырсыкка учурап, буту сыныптыр. Ооруканага алып келгенче көп кан кетип калып, хирургдар бир бутун тизеден кесип тирүү сактап калышкан. Ошондон кийин кызын “таштап келем” дебей жашап жатат. Он жылдан ашып калды кызы минтип арабада отуруп тилемчилик кылат. Кечинде мен үйүнө ала кетем.
 
Бул маалыматтарды уккан Мээрбек майып кыздын үйүнө барууну чечти. Дүкөндөн сыртка чыкты да, атасы да майып болуп, анын үстүнө учурда ооруп жаткан кезде шоколаддын акчасы аздык кылаарына өкүндү. Караса күн сайын майып кызга акча берчү жакшы киши шериктери менен түштөнүүдөн келе жатыптыр. Мээрбек чуркап барып ал жакындаганча китепкабын алдына коюп майып кыздын ордуна отура калды.
 
-Ай, бай болгур! Акмак баласыӊ го, ыя? Ал кыз буту чолок майып болчу. Сен алты саны аман адамсыӊ. Экинчи минткениӊди көрбөйүн, шүмшүк. Азыркы балдар жеӊил акча табууну куп өздөштүрүп алчулар болушту. Муну карасаӊ. Күндө акча таап кетчү деп байкап жүргөн неме окшойсуӊ. Же ал байкуш кыздын тапкан болоор-болбос тыйынын сен уурдап качып да жүргөндүрсүӊ балким.
 
Мээрбектин тили күрмөөгө келбей калды. Эмне деп актанууну да билбей калды. Оюндагы “Жакшы кишинин” андан аркы сөздөрү кулагына кирбей калды. Жакшылык жасайм деп максат кылып өмүрүндө укпаган жаман кеп угуп калгандыгы үчүн өзүн жекирип тилдеп алды.
 
Бир убакта айланасын караса китепкабы турат, “жакшы киши” жок. Ары-бери өткөндөр таӊыркап карап коюп өтүп жатышат. Мээрбек ордунан туруп артын кагып, китепкабынын сыртын тазалап ызага муунуп үйүнө жөнөдү. Өӊ-алеттен кеткен уулун көргөн апасы шашылыш жагдайды сурады. Мээрбек үнү буулуп эч нерсе айтып бере алган жок. Апасы кадимкидей коркту, телефон чалып жолдошун чакырды. Бирге сурашып, болгон окуяны толук түшүнүштү да, үчөө биргеликте дүкөнгө барып, бир кап ун, көп азык-түлүк сатып алышып, майып кыздын үйүн дүкөнчүдөн сурап, таап барышты. Күтүлбөгөн конокту таӊыркап кабыл алышты. Бир нече жылдан бери бул үйгө жакын туугандары деле жардам бермек түгүл аз эле келип калышкан экен. Чолок киши үй-бүлөсү менен жакшылык жасоо үчүн убакыт коротуп, акча сарптап, жол жүрүп убара тарткан жакшы адамдар бар экенине абдан таасирленишти. Майып кыз атын билбеген Мээрбекти дароо тааныды.
 
-Уулубуздун бир тууган карындашы болосуӊ, кызым,-деди Мээрбектин атасы майып кызга кайрылып. Сураштыра келсе кыздын жашы улуу экен. Оорукчан болгондуктан азаптуу күн көрүп арык болуп курдаштарындай чоӊойбой калган үчүн, ал тургай баспай коляскада гана жашагандыктан бир караганда кичинекей көрүнүптүр.
 
Мээрбектин ата-энеси ооруп калган майып кишини тез жардам машинасын чакырып, ооруканага алып барып жаткырышты. Ошол күндөн баштап майып кыз кайыр сурап тилемчилик кылууга чыкпай калды. Ал үйүндө даамдуу боорсок жасап, ширин печеньелерди бышырып муктаж адамдардын үйүнө апасы акысыз жеткирип, дүкөндөргө саттырып жашап калышты. Бирок атасы ооруканадан айыгып чыккандан төрт ай өткөндө оорусу күчөп каза болду.
 
Куштарбек Кимсанов
КР Мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси, Кыргызстан “Журналисттер” жана “Жазуучулар” союзунун мүчөсү

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз