
Азыр эл оозунда Ленин пик деп аталып келген чокунун Кыргызстан “Манас Ата зоосу” деген расмий ат берген. А илгерки аталышы “Жел Айдар” болгон. Көпчүлүк жергиликтүүлөр аны эмдигиче ушул аты менен эле атап келишет. Ага чыгып, деңиз деңгээлинен 7 миң бийик кыл чокуну багындыруу үчүн жүздөгөн, кээ жылдары миңдеген альпинист-туристтер дүйнөнүн төрт бурчунан Чоң-Алайга агып келишет. Алар ааламдагы эң бийик чокуларды багындырууну өздөрүнө негизги максат же өзгөчө милдет катары кабыл алышат. Ошондуктан, алпинисттер ар мамлекеттердеги 4-5 миң метрге, андан кийин 6 миң, андан соң 7 миңдик бийиктиктерге чыгып отуруп, акыры дүйнөнүн эң бийик кыл чокусу болгон 8848 метрлик Эверестке чыгууну максат кылышат. Кыргызстанда 6 миңдик тоо жок. Бизде 5-5,5 миңдик чокулардан кийин эле үч 7 миңдик чоку башталып кетет. Ал эми дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде мындай 7 миңдик чоку жок болгондуктан, алар Кыргызстанга келүүгө аргасыз болушат.
Альпинизм менен туризм тууралуу
Ош облусунда негизинен тоо туризми август айынын башында башталат. Анткени Чоң-Алайдагы азыркылар атап көнүп калган “Ленин Пикке” чет мамлекеттерден альпинист-туристтер келе башташат. Башкача айтканда, 7 миңдик бийиктикти багындыруу үчүн ар жылы август, сентябрь айлары ыңгайлуу убак катары эсептелет. Тоого чыгууну көздөп келгендерден сырткары, мигрант болуп келип, салыктарды төлөп, иштеп кеткен чет элдиктер да көбөйгөн. Алар негизинен ат баса албай калган бийиктикке, альпинисттердин жүгүн жогорку лагерлерге чейин чыгарып берип, акысын алып иштешет.
“Манас Ата зоосуна” чыгуу картасы
Кыргызстанга келген альпинист-туристтер Чоң-Алайдын Жел Айдан булуңуна барышат дагы, негизги база түшөт. Ал жер деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан. Ал эми биринчи лагерь – 4400 метр бийиктикте жайгашкан. Кыл чокуга чыгуу негизинен ушул жерден башталат. Ал жерде ашпозчудан тартып, официанттарга чейин бар. Биринчи лагерге күн сайын жүк алып барып турушат. Ага түз эсептегенде 13 км, бирок жөө 18 км. Жол жүрүп гана жетишет. Ал эми экинчи лагери 5300 метр бийиктикте жайгашып, ал жерде 30-40 палатка тигилген. Бул жерде да альпинист балдар күзөттө турушат. Андан кийинки үчүнчү лагерь 6100 метрде. Бул акыркы лагерь болуп саналат дагы, ушул жерден кыл чокуга жөнөшөт. Ошол үчүнчү лагерде 10 чакты палатка бар, зарыл болгон учурда көбөйтүшөт. Ошентип, үчүнчү лагерден 7134 метрлик кыл чокуга эң эрте дегенде 19 саатта, ал эми эң кеч дегенде 28 саатта үчүнчү лагерге кайтып келишет. Ар бир лагерде кыргыз балдар бар.
Тоого жүк ташып чыгуу өзүнчө маселе. Жүктөрдү негизги базадан 1-лагерге чейин атчандар ташышат. Анын баасы 50 центтен, 3 долларга чейин. Ал эми биринчи базадан экиге чейин 1 кг жүктүн баасы 10 доллар. Экиден үчкө чейин 15-20 доллар. Анан экинчи базадан кыл чокуга чейин 25 доллар. Ал жигиттер кайра артка кайтканда таштандыларды чогултуп түшүшөт.
Байыркы атына кайтуу керек
Азыр Кыргызстанда “Ленин пик” деп таанылган 7134 метрлик тоо, 7439 метр бийиктик болгон “Жеңиш” чокусунан кийин турат. Ал эми КМШдагы үчүнчү чоку болгону менен Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку. Аны 2017-жылы Кыргызстан мурдагы президенти А.Атамбаев “Манас Ата зоосу” деп өзгөрткөн жарлык чыгарган. Бул тоонун эзелки аты Жел-Айдар болгон. Бирок кийинчерээк, тактап айтканда, 1871-жылы орус географы жана саякатчысы Алексей Федченко Түркестан генерал губернатору Константин Петрович Кауфмандын урматына “Кауфман чокусу” деп атаган. Ал эми 1928-жылы жаңы бийлик ага “Ленин кыл чокусу” (Ленин пик) деген ат берген.
Бул тоого альпинизмге кызыгып, бийиктиктерди багындырууну максат кылган жүздөгөн альпинисттер жыл сайын келип турушат. Негизи туристтик мезгил август айынын башында башталат. Анда зоонун жанында маданий иш-чаралар өтүп, Эл аралык деңгээлде жарнамаланат. Кыргызстан аркылуу барууну каалагандар өлкө түштүгүндөгү Ош облусу менен Чоң-Алай районуна жетишет. Андан ары жергиликтүү тургандардын көмөгү менен лагерге барышат.
Анын кыл чокусуна альпинисттерден биринчи болуп, 1934-жылы В.Абалаков, К.Чернуха жана И.Лукин чыгышкан. Ал эми 2022-жылы кыргызстандык Илим Карыпбеков да чыгып түшкөн.
Тоо азыркы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жайгашкан. Тажикстан өз тарабын 2006-жылы “Абу Али ибн Сина” деп атаган. Ал эми бизде “Ленин Пиктин” азыркы расмий аты “Манас Ата зоосу” делген менен байыркы аты “Жел Айдар” болгону маалым. Дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверекстке чыгып түшкөн кыргызстандык Эдуард Кубатов бул тоого байыркы атын кайтаруу керектигин быйыл коомчулукка сунуштады.
А.Каракозуев