Оштун экс-вице-мэри Нурбек Кадыровдун үйү бузулуп жатат
Ош шаарынын экс-мэрине таандык делген үй бузулат “Увам” каналынын корук аймагындагы мэрдин мурунку орун басарынын үйү бузулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Абакир уулу Төрөбек көчөсүн аралап өткөн “Увам” каналынын корук аймагын бошотуу иштери уланууда.
"Каналдын корук аймагындагы коомдук мончо, тамактануучу жайлар, дарыкана, соода түйүндөр жана Ош шаарынын мэринин мурдагы орун басары Нурбек Кадыровдун үйү бузулууда",- деп айтылат маалыматта.
Бошотулган жерге шаар мэринин чечими менен эс алуу багы курулат.
Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жумамидин Сулайманкуловдун аталган даректеги репортажында айтылгандай, алардын үйүн бузуу экс-мэр менен макулдашылган.
"Бул үй мурдагы Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Сүйүнбаевичке таандык үй. Бул үй короосу менен биригип, толугу менен "Увам" каналынын корук зонасында жайгашып калган. Эскертүү берилип, учурда үйдү толук алып салуу боюнча макулдашуу болду бул жерде . Азыркы тапта тосмосунун бир тарабы бузулду. Канал тарабындагы тосмолору бузулуп, ачылып жатат",- деген ал.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, Нурбек Кадыровдун үй-бүлөсүнө эскертүү берилген.
"Үй бузуу боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу жер пайдалануу жана коргоо-көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын Оштогу башкармалыгы сотко кайрылган",- деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аталган инспекция кайсыл күнү, эмне негиз менен сотко кайрылганын тактаган жок.
Аталган инспекциянын жетекчиси сотко арыз жазылганын, учурда эмгектик өргүүдө экенин, ошондуктан толук маалымат билбестигин айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.