Бишкекте президенттин админстрациясынын коллегиялык жыйыны өтүүдө

 
"Ынтымак Ордодо" Президенттин администрациясынын коллегиясынын отуруму өтүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында кабарланды.
 
Маалым болгондоц, коллегиянын отурумун ачып жатып, Министрлер кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев белгилегендей, буга чейин бардык мамлекеттик органдарда жана аймактарда коллегиялар өткөрүлүп, өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылган.
 
"Өлкөдөгү экономикалык, инфраструктуралык жана социалдык өзгөрүүлөр мамлекет өнүгүү жолунда баратканын тастыктап турат. Биздин эл өнүгүүнүн дал ушундай темптерин күткөн. Мунун баары-өлкө президентинин күчтүү саясатынын натыйжасы.Коллегия-бул башкаруу аянтчасы, ал мамлекеттик башкаруунун динамикасын дагы бир жолу сын көз менен талдоого жана биздин мындан аркы стратегиялык багыттарыбызды аныктоого мүмкүндүк берет", - деди Адылбек Касымалиев. 
 
Жыйындын күн тартибине 4 маселе киргизилген. Атап айтканда, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын мониторинг кылуу жана талдоо, чет өлкөлүк жумушчу визиттердин натыйжалуулугу жана мамлекеттик органдардын ишин пландаштыруу; Билим берүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер; Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын (акимдердин), шаарлардын мэрлеринин 2024-жылдагы иштеринин жыйынтыктары, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү маселелери.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз