17 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөлүк чемпионат: Жеңүүчү болгон балбандарга канча акча берилди? Тизме
Кыргызстандык спорттук күрөш федерациясы Грецияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында медаль уткан спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды, деп жазат "Спорт АКИпресс".
17 жашка чейинки спортчулар арасындагы мелдеш 28-июлдан 3-августка чейин Афина шаарында өттү.
Кыргызстандык балбандар 7 медаль утушту — 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло.
55 кг чейин
1-орун — Алхам Абдирасулов — 200 миң сом
45 кг чейин
2-орун — Нуркерим Кумарбеков — 150 миң сом
60 кг чейин
2-орун — Амангелди Ысакбаев — 150 миң сом
80 кг чейин
3-орун — Нурислам Осконбаев — 100 миң сом
48 кг чейин
3-орун — Довудбек Бахадиров — 100 миң сом
65 кг чейин
3-орун — Адисбек Алтынбеков — 100 миң сом
40 кг чейин
3-орун — Асема Асангараева — 100 миң сом
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы 200 миң сом, ал эми эркин жана кыздар күрөшүнүн машыктыруучулары 100 миң сомдон алышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.