Ататүрк паркындагы үйлөр бузулбайт. Президент алар менен кандай макулдашуу болгонун айтты

Сүрөт: "АКИпресс".

Ататүрк паркындагы үйлөр бузулбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди, деп жазат “АКИпресс” агенттиги.
 
Президенттен парк тууралуу сурап, жакында эле борбор калаанын мэри паркка үйлөрүн куруп алган жарандардан 500 млн сом чогултулганын, шаар бийлиги алар менен макулдашууга келгенин, ал эми бул жагдай Кок-Жар айылы менен салыштырганда кош стандарттар боюнча суроо жаратканын белгилешкен.
 
Жапаровдун айтымында, бул жерде эч кандай кош стандарт жок жана парктагы үйлөр 2005-жылы курулган.
 
«Жазында биз алардын бардыгын “Ынтымак-Ордого" чогултуп, маселе койдук: же болбосо паркты жөнөкөй тургундар үчүн эң жакшы абалга келтиресиздер, же үйлөрүңөр бузулат. Алар паркты көрктөндүрүү жолун тандашты. Жогорку деңгээлдеги парк түзүүгө болжол менен 500 млн сом сарпталмак. Азырынча болжол менен 100 млн сом чогултулду. Кудай буюрса, парк эң жакшы абалга келтирилип, ал жерден ошол аймактын тургундары балдары менен бирге пайдалана алышат», – деди ал.
 
2024-жылдын апрелинде Бишкек мэриясы Ататүрк паркы боюнча 198 объектке чыгарылган чечимдер жокко чыгарыларын маалымдаган. Ошондой эле парктын 1992-жылдагы 107 гектар аянттагы чеги калыбына келтирилери айтылган. Мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу тапшырмасы берилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз