Коргоо министрлигинин аскер кызматкери контрактык негиздеги кызматкерге кокустан ок атып алган


2025-жылдын 14-августунда Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө адам өлүмүнө алып келген өзгөчө кырдаал болду. Бул тууралуу 15-августта ведомствонун басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Министрликтин маалыматына караганда, окуя пландык аскердик даярдык сабактары өтүп жаткан учурда болгон: куралды этиятсыз кармоодон улам аскер кызматкери контракт боюнча кызмат өтөгөн старшина Б.Б.Т.га ок аткан.
 
Жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок жолдо абалы кескин начарлап, ал каза болгон.
 
Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө баштады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз