Ош облусунун 82 тургуну ИИМдин каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турат,- УКМК
Иллюстрациялык сүрөт.
Ош облусунда УКМК жана ИИМ кызматкерлери "Бандит" аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чараны өткөрүштү. Бул тууралуу 7-августта УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин, 9-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапар менен Ошто болуп, бул аймакта уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү күрөшүү зарылдыгын белгилеген.
Ушуга байланыштуу, 15-17-июль күндөрү Ош облусунда рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 82 жергиликтүү тургун ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтордун (ОПГ) мүчөлөрү катары каттоосунда турганы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында:
21 адамдан биометриялык маалыматтар жана түшүндүрмө каттар алынган;
17 адам Кыргызстандагы түрмөлөрдө жазасын өтөп жатат;
11 адам чет өлкөлөрдөгү абактарда отурат;
3 адам каза болгон;
1 адам издөөдө.
Калган 29 адам катталган дарегинде жашабайт. Алардын кайда жүргөнү такталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.