Октябрь районунун мурдагы акими жана курулуш министрлигинин кызматкери жерди мыйзамсыз сатканга айыпталып кармалды
15-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектүүлөр кармалды, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр турак жай массивинин башкы планынын схемаларын бурмалоо жана Борбордук мамлекеттик архивде сакталган райондук мамлекеттик администрациянын «Жеке курулуш маселелери боюнча» токтомдорун жасалмалоо жолу менен Октябрь районунун аймагында жайгашкан аянты 1 гектардан ашкан 21 мамлекеттик жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылышкан.
Мамлекетке 300 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Камакка алынгандар — Октябрь районунун мурдагы акиминин милдетин аткаруучу жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин мурдагы кызматкери Б.К.Э. жана У.М.И. Алар күнөөлөрүн мойнуна алып, учурда жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтарып жатышат.
Тергөө алкагында кылмышка катышы бар башка адамдар аныкталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.