“50 миң долларын мэрге алып барат”: Оштун мэри “Жылуулук камсыздоо” ишканасы боюнча

Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын башкы имараты Анар кичи районундагы жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Маалыматка караганда, жаңы имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеме кызматкерлери катышты. 
 
«Имарат буга чейин Ош шаардык суу чарба башкармалыгына тиешелүү болгон. Тиешелүү иштердин негизинде бул имарат "Жылуулук камсыздоо" ишканасына берилип, толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бардык зарыл шарттар түзүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
 
Имараттын ачылуу аземинде сүйлөп жатып, мэр буга чейин жетекчи болгондор өзү үчүн иштеп, коррупциялык элементтерге жол берилгенин билдирди.
 
«Мындай «неухоженная здание» экен да. Ушуга жаңы жетекчини алып барганда оңдойт бекен? «Зданиени» карайт бекен? Ушул «здание» үчүн күйөт бекен деп жакшы ниет менен алып бардым эле, мурдагы бала жакшы иштей албай калды. Аны жумуштан алып, бул кишини коюп койдум. Ага чейинки жетекчилерди карап көрдүм, жакы иштебептир да. «Для себя может быть иштеген алар делечи, «для себя»... Депутат болуп жүршүшөт. Шаардык кеңештин депутаты болуп жүрүшөт, Жогорку Кеңешке депутат болуп жүрүшөт. «Но» өздөрү үчүн иштептир да. «Жылуулук» үүн, шаар үчүн, мекеме үчүн иштеген эмес. Анткени, мен күндө эрте менен кирип, силердин жанагы иштебей жаткан отказаныңарды да көрөм. Акыбалын, кандай болучу, кандай болуп калды? Юго-Востоктогу эки отказанга кирдим. Жанагы Юго-Востоктогу кайсыл отказандар болчу? Биленсиңер да «состояниеси» кандай болчу? Сырттары «бардак» болчу. Терезелери тээтиги элүүнчү жылкы терезелер болчу. Жыгач терезе, иштери сынган. Анын жанынан өтүп, жүрөгүм ооруйт бочу да. Биягында эки кафе турат жаркылдап, жанагы Чоюнов менен Келдибековдун кафеси, бул жакта жанагы Раимдин кафнси турат. Дагы бир аптека турат, ортосунда биздин отказандар ыйлап турат да. Ыйлап турат жанагычы. Мен көрүп, «зданиени»,  ушунчалык жүрөгүм ооруйт болчу. «Мени да бирөө карайт бекен?», «Мени да бирөө «ремонт» кылат бекен?», «Менин да бирөөгө кереги бар экенби?» деп жанагы «здание» ыйлап турат болчу. Эми азыр карап көрсөңөр, жаркылдап жатат жөн эле. «Жарк-жарк» дейт. Терезелери жаңы, сырттары жаңы, ичи жаңы, «вороталары» жаңы. Иичндеги «ремонттор» «самый последний ремон болгон». «Насостору жаңы тим эле. Жетекчи ушундай иштеш керек? Биринчи ошол ишканага жүрөгүңдү бер дагы, ошол «зданиени» сүй. Ошол «зданиени» кара. Андан кийин ошол коллектив сага оомат алып келет. 
 
8 блок үйгө отказан куруу үчүн бери дегенде 200 млн сом кетет. «200 млнов кетет» Алар (үй курган копаниялар) “как делат”? “Дом построили” , жең ичинен ТЭЦ менен сүйлөшөт, 100 миң доллар берет. 100 миң доллардын 50 миң долларын ТЭЦтин жетекчиси алат. 50 миң долларын мэрге алып барат. Ушуну менен болду. ТЭЦ ушунча – 400 кишини жылуулукка улап коет, болду. “Строительный компания кетти. Жанагы орусча айтмакчы, “после меня хоть потоп” депчи. Алар “все подключились” болду, алар кетти. Алардын эч кандай иши жок. Ким жаман? Мэрия жаман. “Жылуулук “регистр” начар коюлдубу? Суу келбей жатабы? “Все”, ким “виноват”? “Тепло” виноват. Акчаны алып кетти, “они тут миллионы зарабатывают”. “Миллиону, миллиону зарабатывают”. Менин каршылыгым жок, меники “белый зависить" , “пусть зарабатывают, хоть миллиарды зарабатывают, но потом лицо будеть зарабатыввают, не на халяву зарабатываю”. Мынаке курдубу? 200 млнду биздин “счетко” төксүн – мэрияга. “Вообще проблема” жок. Мен өзүм келип, улап берем. Мен өзүм келип, улам берем. Кудай кааласа, ошол 200 млндун жок дегенде 50 млн ун силерге которуп берем. Айлыгыңар “еще выше станет”, “еще выше высокоплачиваемыйраак” болосуңар”,- деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз