Мишустин Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан Аляскадагы Путин менен Трамптын жолугушуусунан улам кетти

Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин 15-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан чыгып кетти, деп жазат "АКИпресс".

Өзүнүн сөзүн бүткөндөн кийин ал жыйынга катышып жаткандарга кайрылып:
«Мени кечирип коюңуздар, мага Москвага барышым керек. Бүгүн Аляскада Орусия менен АКШ президенттери — Владимир Путин жана Дональд Трамп катышкан орус-америка саммити өтөт. Мен Орусияда болууга тийишмин. Биздин делегация толук курамы менен бул жерде ишин улантат», — деди.
 
«Чолпон-Ата» мамлекеттик резиденциясында кеңештин курамына кирген Беларус премьер-министри Александр Турчин, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстан премьер-министри Адылбек Касымалиев, Орусия премьер-министри Михаил Мишустин, Армениянын вице-премьери Мгер Григорян чогулушту.
 
Ошондой эле байкоочу жана конок катары Ирандын вице-президенти Мохаммад Реза Ареф, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз