Суу - өмүр булагы

Куттубай Ирисалиев 1991-жылы К.И.Скрябин атындагы  айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетин аяктап, инженер-гидротехник адистигине ээ болгондон бери Кара-Суу районундагы суу чарба башкармалыгында жооптуу кызматтарды аркалап, өмүр булагы болгон суу чарба тармагынын ысык-суугун, ачуу-таттуусун башынан кечирген тажрыйбалуу адис. Эки жылдан бери аталган башкармалыктын башчысы.

Биздин кабарчыбыз жакында ага жолугуп, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу бир катар суроолорду узаткан болчу. 
 
-Куттубай Ураимжанович, Кара-Суу районундагы суу чарба башкармалыгы быйылкы жылы 29 суу пайдалануучулар ассоциациясы жана 2 муниципалдык суу чарба ишканасы менен 16 млн. 295 миң сомдук 141 млн. 366 миң куб метр көлөмдөгү сугат сууну жеткирип берүү боюнча келишим түзгөн болчу. Ал иш жүзүнө ашып жатабы? 
 
 
-Албетте, айтылган убаданы турмушка ашыруу үчүн ага алдын ала даярдык көрүү абзел. Бул багытта Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын январь айында атайын чыгарган No4-буйругунун негизинде суу чарба башкармалыгынын карамагында турган мамлекеттик, чарбалар аралык каналдарды, гидротехникалык жана суу өлчөөчү курулмаларды, насостук станцияларды мезгилине даярдоо боюнча конкреттүү тапшырма берилген. Анда 20 млн. 887,9 миң сомдук жумуштарды аткаруу  жалпысынан  пландаштырылган.   
 
Райондо быйыл 31964 гектар аянтка жүгөрү, көп жылдык тоют, буудай сыяктуу кылкандуу дан өсүмдүктөрү эгилди. Ошончо аянттагы сугат жерди суу менен камсыздоо маселеси бир топ уюштуруу ишин талап кылат. Бул жерде белгилеп өтүүчү жагдай, мамлекетибиздин экономикасы мурдагы жылдарга караганда өнүгүп, суу чарба тармагы да техникалар жана керектүү жабдуулар, тетиктер менен толукталып, ишти тез жана сапаттуу жүргүзүүгө өбөлгө болуп жатат. Райондук суу чарба тармактары боюнча жалпы чарбалар аралык каналдар 375,4 кмди түзөт. Анын ичинен быйыл өтө зарыл болгон 2,6 км аралыгы ремонттолуп, 59 км аралыгы механикалык тазалоодон өткөрүлдү. 331 гидротехникалык курулмалардын 41 даанасы, 221 суу өлчөөчү курулмалардын 9 даанасы сапаттуу ремонттон чыгарылды. Райондогу «Эшме», «Мады», «Чоң-Сай», «Отуз-Адыр» насостук станцияларындагы 19 насостук агрегаттардын ичинен 9у ремонттон өткөрүлдү. үстүбүздөгү жылдын 6 айынын ичинде белгиленген план толугу менен аткарылып, ремонтоо жумуштары сугат мезгилине чейин толугу менен бүткөрүлдү. 
 
-Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары- директор А.Т.Сокеевдин буйругунун негизинде Кара-Суу районундагы суу чарба башкармалыгынын кароамагын «Ак-Суу» жана «Увам» cyy пайдалануучулар ассоциацияларына тиешелүү «Як-Калик» жана «Увам» каналдары кайтарылган болчу. Азыркы учурда аталган каналдардын абалы кандай? 
 
Баарыңыздарга маалым, бул каналдардын абалы чынында эле кыйын болчу. Аларды ремонттоо жумуштарын өткөн жылы эле баштаганбыз. Алсак, «Як-Калик» каналынын 85 метр аралыгы  85 метр аралыгы бетондолду. 14 км аралыгына механикалык тазалоо жумуштары аткарылды. 15 даана гидротехникалык курулмалар жаңыланып, 12 даана суу өлчөөчү курулмалар курулду. Жалпысынан алганда 2 млн. 967, 99 миң сомдук жумуштар жасалган. Быйылкы жылы  200 метр аралыгы бетондолуп, 11 даана гидротехникалык курулмалар жаңыланып, 11 даана суу өлчөөчү курулмалар курулду. Жалпысынан алганда 2 млн. 829,073 миң сомдук жумуштар жасалды. Каналдын бир бөлүгү Ош шаарын аралап өтөт, анын Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу 65-үйдүн тушундагы нугунан суу ашып, үйдүн жертөлөсүн нымдап, жашоочулардын чочулоосун пайда кгандыктан, каналдын ошол жерине иликтөө жүргүзүп, аны кайра баштан оңдоп чыктык. 
 
-Кара-Суу районундагы Савай каналынын үстүндө жайгашкан айылдарга суу жеткирүү маселеси суу чарба башкармалыгы үчүн көйгөйлөрдү жаратып келет. Бул абалдан чыгуу үчүн кандай аракеттер жасалып жатат? 
 
-Туура айтасыз. Бул абалдан чыгуу үчүн штабда бекитилген график менен кезектешип сугаруу ыкмасын колдонуп жатабыз. Дыйкандардын сугат сууга болгон тартыштыгын азайтуу маселеси насостук курулмаларды куруу жолу менен чечилет. Башкармалык бир топ мезгилден бери Сары-Колот, Отуз-Адыр, Эркин. Савай - Арык, Кыш - Абад, Курбан-Кара, Ак-Таш айылдарын суу жетпеген сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 8 насостук курулмаларды куруу боюнча сунуштарын коюп келе жатат. Анын ичинен Ынтымак Савай, Эркин-Сай насостук курулмаларынын сметалык-долбоор аягына чыгып, аны курууга тендер жарыяланганы турат. Бул обьектилер пайдаланууга берилип калса, 600 гектар жер аянты сугат суусу менен камсыз болмокчу. Азыркы учурда Ак- Таш Савай насостук курулмасынын сметалык долбоору даярдалып жатат. Келечекте Тынчтык Савай, Курбан-Кара Савай, Кожомбак Савай, Чок- Маала Савай, Фархад Савай насостук курулмаларынын сметалык долбоорлору даярдалмакчы. 
 
-Кийинки мезгилде райондун аймагында тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулуп жатат. Өткөн жылы 128 гектар аянт жер ушул ыкма менен сугарылган болчу. Быйыл өсүш барбы? 
-Өсүш бар, быйыл тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугарылып жаткан аянт 248 гектарга жетти. Тамчылатып сугаруу ыкмасына кызыгуу райондогу Манас, Жоош айыл өкмөттөрүндө байкалып жатат. Тамчылатып сугаруу - жер иштетүүчү субьектилер абдан ыңгайлуу болуп турат. Суу эки эсеге үнөмдөлөт, суу үчүн болгон төлөм да кыскарат, себеби алар үчүн жеңилдиктер каралган. Быйылкы жылы бул ыкманы мамлекеттик үрөн чарбалар, тажрыйба станциялары Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен келишип түзүшүп, алар менен түз иштешип жатат. 
 
Тамчылатып сугаруу ыкмасынын келечеги бар. Тек, биз түшүндүрүү жумуштарын күчөтүүбүз зарыл. 
 
Маектешкен: Төлөнбай Абдыразаков.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз