УКМК айыл чарба министрлигиндеги коррупция схемасын ачты — министрдин орун басары жана чиновниктер кармалды

Жалал-Абад облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгы Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинде 2025-жылдын июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички базарды турукташтыруу үчүн малды экспорттоого квоталар киргизилген.
 
«Айыл чарба министринин орун басары “Н.С.Н.”, Ветеринардык кызматтын директору “К.У.С.”, министрликтин бөлүм башчысы “М.Э.У.” жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы “Н.у.Б.” кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мыйзамсыз байытуу максатында мал чарбачылыгы менен иш жүзүндө алектенбеген өздөрүнө байланышы бар адамдарга мыйзамсыз квота берүү боюнча коррупциялык схема уюштурушкан», — деп айтылат билдирүүдө.
 
Мында, айыл чарба жаныбарлары бар деген актылар министрликтин жетекчилеринин көрсөтмөсү менен райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөнү белгиленет.
 
Натыйжада ортомчу ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды фермерлерге жана мал экспорттоочуларга ар бир ири мүйүздүү малга 300 АКШ долларынан, ал эми майда мүйүздүү малга 5 миң сомдон сатып келишкен. Андан ары бул схема аркылуу коңшу Өзбекстан Республикасына Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу 40 миңден ашуун мал мыйзамсыз түрдө экспорттолгон. Бул болсо эт баасынын өсүшүнө алып келгенин УКМК түшүндүрөт.
 
«Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Айыл чарба министрлигинин аталган кызмат адамдары жана ортомчу ишкерлер кармалып, Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын СИЗОсунда камакка алынды, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп маалымдайт ведомство.
Маалымдама:
 
Насирдинов Самат Насирдинович 2022-жылдан бери айыл чарба министринин орун басары болуп иштейт.
 
Кожобергенов Улукбек Сыргаболотович 2025-жылдын март айында Ветеринардык кызматтын директору болуп дайындалган.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз