Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Сагынбаев Канат Латипжанович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
 
Канат Сагынбаевдин талапкерлиги эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
 
Буга чейин Канат Сагынбаев Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп иштеген. Эмгек министрлигинин башчысы кызматын Равшанбек Сабиров аркалап келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз