Ноокатта мыйзамсыз менчикке өткөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 308,12 чарчы метр жер аянты жана анын үстүндөгү эки кабаттуу имарат ыктыярдуу түрдө мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилди.
УКМКнын маалыматына ылайык, мурда Эски-Ноокат айыл өкмөтүнүн (азыркы Ноокат шаарынын) райборуна 600 орундуу клуб куруу үчүн 1,2 гектар жер бөлүнгөн. Бирок анын 0,25 гектары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.
Аталган иштердин алкагында, Ленин көчөсүндөгү жер тилкесин жана имаратты Турдубай уулу Акылбек (КР ЖКнын мурдагы депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин бир тууганы) мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен кайтарды.
Учурда Ноокат району боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү иштер уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.