Ош аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылуу учурунда кармалды

2025-жылдын 21-августунда КР УКМК Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Ош аскер комиссариатынын кызматкери «Ш.А.П.» пара катары уюлдук телефон алып жаткан жеринен кармалды.

Ал альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оң чечим чыгарууга көмөктөшүү үчүн айфон уюлдук телефонун пара катары талап кылган.
 
Иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкерге КР КЖКнын 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык жасоо) боюнча айып тагылды. Ал КР КЖКнын 96-97-беренелерине ылайык кармалып, Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз