Шыкмаматов: НСПнин 50% Ошко калтырып, пилот кылсак, көмүскө экономиканы ачмакпыз

Cүрөт: "Турмуш"басылмасы

Бүгүн, 28-август күнү Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарындагы жаңы борбордук базарга келишти. Аларды Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев күтүп алды, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Туманбаев баштаган топ алгач базардын суусундук жаткан бөлүгүнө кирип, акциздик маркаларын текшеришти. 

Анда жететчилер суусундуктун капкагындагы QR-кодун сканерлеп, марка туура басылганын белгилешти. 

Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарынын мэринен Ош шаарында бизнестин канча пайызы көмүскөдө экенин сурады. 

"НСПни де-централизация кылалы. Анүчүн бир мыйзамды, бир токтомду чыгарып коюу менен эле иш бүтпөйт экен. Өзүңө окшогон дымактуу мэрлер баштап берсе, президент колдосо жакшы эле. 

Ош шаарында бизнестин канча пайызы көмүскөдө. 30% деген чынбы?",- деп суроо салды. 

Мэр: Ооба, андан да көбүрөөк. 50% Ошто. 

Шыкмаматов: Президент колдоп берсе, сага окшогон мэрлердин дымагы менен НСПнин 50% берсек пилотный проект кылып, анан силер иштеп деңгээлди көтөрүп берсеңер, анан башка шаарга жайылтмакпыз. Сага окшогон күчтүү мэрлер жыйынтык көрсөтсө, айтмакпыз. Сатуудан түшкөн налогдун 50 пайызын Ошко бердик эле, көмүскө экономиканы ачты, контрабанданы жойду деп туруп, башка шаарларга сунуштайбыз. Ошондо мэрлер да кызыктар болмок. Ошого макулсуңбу?",- деди ал 

Мэр: Алмамбет Насырканович, ушул как раз НСП, НДС боюнча президентке кат жаздым. 50% калтырып бергиле, Оштун развитиесине депчи. Ошто 365 млрд бюджет кабыл алганбыз. Ал чогулабы жокпу, билбейбиз. 3 млрд сому статья менен корголгон. Өнүгүүгө эч нерсе жок. Урматтуу президентибиз бизге 2 млрд 200 млн бөлүп берди. Жолго 586 млн бөлүп берди. Андан башка дагы 1 млрд бөлүп берди да. А бизге өнүгүүгө акча жок. Мамлекеттик салык кызматынан Ош шаарына ушул жылга 12 млрд 165 млн план коюлган. Анын ичинен 2 млрд 163 млн сом НСП, 2 млр 162 млн НДС, ошонун жарымын калтырып бергениңизде бизге жылына НСПден 1 млрд, НДСтен 1 млрд пул калмак. Ал баарына жетмек. Биз силерден вообще акча суракмак эмеспиз.
Шыкмаматов: Азыр президент силерге Турукташтыруу фондунан берип атат. Эгер НСПпи де-централизация болгондо өзүңөрдүн таман акыңар болуп, өзүңөр чурмаксыңар да.

Мэр: Анда өзүбүз чуркамакпыз. 

Туманбаев: Ошту пилотный кылып көрүш керек. Андан кийин бардык шаарды ошого өткөрмөкпүз. 

Шыкмаматов: Азыр баарына берүү кыйын. Де-централизацияны бир жерден башташ керек. Эң күчтүү жерден башташ керек.

Мэр: Бизден баштаңыз. 

Шыкмаматов: Эң күчтүү азыр сенсиң, сенден башташ керек. Азыр салык чуркап жүрбөйбү, андай болсо салыкчыларды кошуп алып чуркамаксыңар.

Мэр: Анда мен өзүм кошо чуркамакмын. Тем более азыр НСПдине 50 пайыз калтырчу болсоңор өзүм барып чуркап, чегин текшерет болчумун. Канча чек берип атасың, бербей атасыңбы деп ар бир чегин текшермекмин. Азыр эчким текшербейт да. Керек болсо ошол НСП боюнча ар бир чекке сый акы кылып койсо болот да. Допустим, мынча чек алып келесиң, 10 пайызы сага дегендей кылып. Ар бир клиент ошондо чек алат да. 

Шыкмаматов: Оштун начальниги кайда? Мына Нурбекти астыга салып алып, чуркатат элең да. 

Мэр: Бул өзү 160 кг эле, арыктатып койдук. 

Шыкмаматов: 7 айда Ош шаары боюнча канча салык чогулду?

Нурбек Сатыбалдиев: 5 млдр 383 млн 400 миң чогулттук. 

Шыкмаматов: Мына 5 млрд. Ушунун 30 пайызы дебейли, 25 пайызы отделениеге кетсе, канча кошулат? 5 млрд болсо где-то 1,5 млрд кошумча кошулат. 2 млрд жылына Ош шаарына акча бар. 

Мэр: Сонун болот эле да. 

Шыкмаматов: Ош тим эле жаркырабайт беле, туурабы? Анан ушуну масштабный кылып республика боюнча жайылтмакпыз.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз