Муфтият Кыргызстанстанда зекет берүүнүн тартибин аныктады
КМДБ бир жылдык мөөнөт менен зекет берүүнүн шарияттагы жана учурдагы дүйнөлүк тажрыйбадагы тартиптерин карап чыгып, зекет берүүнүн тартибин аныктады.
КМДБдан билдиришкендей, Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй зекет (нисабына) өлчөмүнө жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.
Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү берилет.Тагыраак айтканда 2.5% берилет.
Зекеттин эсептелиши
Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мискалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм (жасалга болбогон-лом) алтындын орточо баасы 4550 сомду түзөт. Жыйынтыгында: 85 грамм алтын 4550 сомдон эсептелгенде 386.750 сом болот, ушул зекеттин (нисабы) өлчөмү, анын кырктан бири 9.668 сом зекет катары чыгарылат. Бул алтын, нак акча жана соода-сатык максатында алынган товарлардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Колдогу байлыктын же акчанын суммасы көбөйгөн сайын зекеттин эсептери өзгөрүлөт.
Бул эсеп ушул күндөгү алтын баасына карап берилди. Зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерден (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт.
Мал жандыктардын зекети
Уйдун зекети - Ар бир мусулман пенденин малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан кунажын зекет катары берилет.
Кой, эчкинин зекети - Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир кой же бир эчки зекет катары берилет.
Төөнүн зекети- Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет.
Жылкынын зекети - Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.
Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекеттин эсептери да өзгөрүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.