Нарын шаарындагы жолго байланыштуу министрдин орун басары жана "Бета-Групптун" аткаруучу директору кармалды

2024–2025-жылдары Нарын шаарындагы Ж. Шералиев жана Ленин көчөлөрүн капиталдык оңдоого байланыштуу жүргүзүлгөн иштерди текшерүүнүн алкагында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жана Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча иш козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 31-августунда тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн капиталдык оңдоого байланышкан мыйзамсыз аракеттерге шектелип, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин биринчи орун басары «С.Т.» (Талантбек Солтобаев) жана «Бета-Групп» ЖЧКсынын аткаруучу директору «М.А.» кармалды.
 
«Кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди. Азыркы учурда УКМК жана Нарын ОИИБ бул фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
 
Маалымат үчүн:
 
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Бета-Групп» компаниясынын курамында чет өлкөлүк катышуу жок жана ал 31.07.2023-жылы кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү – турак жана турак эмес имараттарды куруу. Компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү – Боронбаев Тилек Турарбекович.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз