Ноокат районунда жаратылышка зыян келтиргендерге 30 миң сомдон ашык айып пул салынды
Ноокат районунда мыйзамсыз кекилик багып, аны сатууга аракет кылган жаранга 10 миң сом, уруксатсыз балык кармаган 13 жаранга миңден 13 миң сом, экологиялык мыйзамдарды бузуу менен курулуш таштандыларын таштаган оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусуна 7500 сом айып пулдар салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул иштер NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн «Барс-2» тобунун кызматкерлери жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын Биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Өзгөн району боюнча егери, ушул эле министрликтин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Ноокат райондук ИИБнын аймактык тескөөчүсү менен биргеликте өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө аткарылды.
«Иш-чаранын алкагында, Ноокат районунун Баглан айылынын тургуну үйүндө багып жаткан он баш кекиликти сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Ага Укук бузуулар кодексине ылайык, 10 миң сом айып пул салынды жана кекиликтер алынып, жаратылышка кое берилди.
Ошондой эле Ноокат районундагы Найман суу сактагычында ышкыбоздук балык уулоо менен мыйзамсыз алектенген жергиликтүү 13 тургун кармалды. Алардын бул аракети бөгөттөлүп, мыйзам чегинде ар бирине миң сомдон, жалпы 13 миң сом айып пул салынды»,- деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Найман суу сактагычына бараткан жолдун четине оор жүк ташуучу автоунаа менен курулуш таштандыларын таштап жаткан жеринен кармалган айдоочуга 7 миң 500 сом айып пул салынды.
Экологиялык талаптарды бузуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандарга салынган айыппулдардын жалпы саны 30 миң 500 сом болду. Рейддин алкагында, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүлүп, жаратылышка аяр мамиле кылуу керектиги айтылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.