Кыргызстанга үчүнчү Dash 8-Q400 учагы келип жетти
Сүрөттө мурдагы учак.
Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында, «Манас» эл аралык аэропортунда отандык «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын үчүнчү учагы конду.
Биринчи учак 2024-жылдын 6-сентябрында конгон. Экинчи учак 2024-жылдын 29-ноябрында келген.
Буга чейин бул учактар 2023-жылдын сентябрь айында эле сатып алынышы маалымдалган.
Алар ички каттамдарды аткарып, зарыл болгон учурда Казакстанга жана Өзбекстанга да уча баштайт.
Мурун экинчи учак 2024-жылдын октябрь айында келет, үчүнчүсү 2025-жылдын май айында, ал эми төртүнчүсү 2025-жылдын аягында келет деп убада кылышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.