4 жыл мурун ишин токтоткон «Карамык» көзөмөл-өткөрмө жайы кайрадан иштеп баштады

Бүгүн, 28-июлда президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Карамык» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишмердүүлүгү кайрадан жанданып, расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон аралыктан катышып, өткөрмө жайдын ишин расмий түрдө жандандырууга уруксат беришти.
 
Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн расмий делегациялары эки тараптагы көзөмөл-өткөрмө жайлар аркылуу чек арадан өтүп, бири-бири менен жылуу учурашып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
 
«Карамык»  көзөмөл-өткөрмө жайынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланып, учурда өткөрмө жайда ар бир тараптан экиден кызматкер иш алып барууда. Бул пункт аркылуу жарандарды тейлөөгө, ошондой эле жеңил жана оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөн.
 
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасы 2021-жылдын май айында жабылып, «Карамык» көзөмөл-өткөрмө жайы төрт жыл бою толук кандуу иштебей турган. Бүгүнтөн тарта бул өткөрмө пункт эки тараптуу негизде толук кандуу иштей баштады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз